ОШТУДА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК СТУДЕНТТЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 18.11.2026

17-ноябрь — Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүндө Ош технологиялык университетинин студенттери үчүн «Касиет Гранд» ресторанында майрамдык салтанат уюштурулду.

Иш-чараны университеттин Жаштар комитети уюштуруп, студенттерге майрамдык маанай тартууланды.

Салтанатта ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев студенттерди майрамы менен куттуктап, аларга окууда ийгиликтерди, кесиптик чеберчиликтин өсүшүн жана келечектеги максаттарына жетишүүнү каалады. Ошондой эле университеттин коомдук турмушуна активдүү катышып, окууда жана ар кандай багыттарда ийгиликтерге жетишкен студенттерге Ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.

Майрамдык иш-чарага университеттин кесиптик бирлигинин төрайымы Багдагүл Тиленбаева да катышып, студенттерди майрамы менен куттуктады. Ал активдүү студенттерге баалуу белектерин тапшырды.

Кеченин жүрүшүндө студенттер үчүн кызыктуу оюндар, конкурстар жана концерттик номерлер тартууланып, майрамдык программа шаңдуу маанайда уланды.

Иш-чара студенттердин биримдигин бекемдеп, алардын чыгармачылык жөндөмдөрүн колдоого жана студенттик жашоону дагы да кызыктуу өткөрүүгө өбөлгө түздү.

ОШТУДА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК СТУДЕНТТЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ОШТУДА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК СТУДЕНТТЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ОШТУДА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК СТУДЕНТТЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ОШТУДА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК СТУДЕНТТЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ОШТУДА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК СТУДЕНТТЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү