ЖАШТАРДЫН КООМДУК ЖООПКЕРЧИЛИГИ: “ЖАКШЫЛЫККА КАДАМ — КЕЛЕЧЕККЕ САЛЫМ” СЫНАГЫ ӨТТҮ

  • 18.11.2026

Жакшылык кылуу — адамдык асыл сапаттардын башаты. Ал эми жаман адаттардан алыс болуу, терс көрүнүштөргө каршы туруу — ар бир жарандын коом алдындагы жоопкерчилиги. Ушул маанилүү идеяны жаш муундардын аң-сезимине жеткирүү максатында Сокулук районунда тарбиялык мааниси терең чыгармачылык сынак өткөрүлдү. ЖАШТАРДЫН КООМДУК ЖООПКЕРЧИЛИГИ: “ЖАКШЫЛЫККА КАДАМ — КЕЛЕЧЕККЕ САЛЫМ” СЫНАГЫ ӨТТҮ

2026-жылдын 3–10-ноябрь күндөрү «Жаштар жумалыгынын» алкагында Сокулук райондук маданият бөлүмү тарабынан райондогу жалпы билим берүү мектептеринин окуучулары арасында «Жакшы болуу — аста-аста, жаман болуу — бир паста» аттуу сынак уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты — жаштарды коомдук жоопкерчиликке тарбиялоо, рэкетчилик жана башка терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, үй-бүлөлүк баалуулуктарды даңазалоо менен бирге окуучулардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүү болду. ЖАШТАРДЫН КООМДУК ЖООПКЕРЧИЛИГИ: “ЖАКШЫЛЫККА КАДАМ — КЕЛЕЧЕККЕ САЛЫМ” СЫНАГЫ ӨТТҮ

Сынак эки багытта өткөрүлүп, катышуучулар өздөрүнүн чыгармачылык дараметин, актердук чеберчилигин жана коомдогу актуалдуу маселелерге карата жарандык позициясын көрсөтүштү.

Биринчи тапшырмада окуучулар «Рэкетчилик — коомго коркунуч» темасында видеороликтерди даярдашты. Анда жаштар арасындагы рэкетчиликтин адам тагдырына тийгизген кесепеттери, зордук-зомбулуктун, коркутуунун жана басмырлоонун коом үчүн коркунучтуу экендиги көркөм чагылдырылды.

Ал эми экинчи тапшырма «Ата-эне менен баланын мамилеси» темасындагы сахналык көрүнүштөргө арналды. Окуучулар үй-бүлөдөгү сый-урматты, ата-эненин бала тарбиясындагы ордун, муундар ортосундагы түшүнүшүүнү жана мээримдин баалуулугун таасирдүү сахналаштырып беришти.

Катышуучулардын аткаруулары аркылуу үй-бүлө адамдык тарбиянын башаты, ата-энени урматтоо жана жакындарына мээримдүү мамиле кылуу ар бир адамдын ыйык милдети экендиги дагы бир жолу баса белгиленди. ЖАШТАРДЫН КООМДУК ЖООПКЕРЧИЛИГИ: “ЖАКШЫЛЫККА КАДАМ — КЕЛЕЧЕККЕ САЛЫМ” СЫНАГЫ ӨТТҮ

Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:

* I орун — К. Карасаев атындагы жалпы билим берүү орто мектеби. Сыйлыгы — Bluetooth-колонка.

* II орун — А. Жакшылыков атындагы жалпы билим берүү орто мектеби. Сыйлыгы — проектор.

* III орун — Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектеби. Сыйлыгы — комуз.

Үчүнчү орунду багындырган Г. Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучуларынын жетишкендиги мектеп жамааты үчүн кубанычтуу жаңылык болду. Бул ийгилик окуучулардын чыгармачылык изденүүсүнүн, аракетинин жана тарбиялык мааниси зор темаларды терең түшүнүп, аны көрүүчүлөргө жеткире билгендигинин натыйжасы болду. ЖАШТАРДЫН КООМДУК ЖООПКЕРЧИЛИГИ: “ЖАКШЫЛЫККА КАДАМ — КЕЛЕЧЕККЕ САЛЫМ” СЫНАГЫ ӨТТҮ

Аталган сынак жөн гана байгелүү орундар үчүн болгон таймаш эмес, жаштардын жүрөгүнө жакшылыктын үрөнүн себүүгө, аларды адептүүлүккө, боорукерликке, жоопкерчиликке жана улуттук баалуулуктарды урматтоого үндөгөн маанилүү тарбиялык иш-чара катары өзгөчөлөндү.

Анткени жакшы адам болуу — ар бир адамдын жеке тандоосу. Жакшылык кылуу, бирөөгө колдоо көрсөтүү, ата-энени сыйлоо, коомго пайдалуу иш жасоо күнүмдүк жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланышы керек. ЖАШТАРДЫН КООМДУК ЖООПКЕРЧИЛИГИ: “ЖАКШЫЛЫККА КАДАМ — КЕЛЕЧЕККЕ САЛЫМ” СЫНАГЫ ӨТТҮ

Жаштар — коомдун келечеги! Алардын жүрөгүндө боорукерлик, аң-сезиминде жоопкерчилик, иш-аракетинде адилеттүүлүк орун алса, өлкөбүздүн келечеги да кең, келечекке болгон ишенимибиз да бекем болот.

Жакшылыкка үндөгөн мындай демилгелер жаш муундарды туура жолго багыттап, коомдо ынтымакты, сый-урматты жана адамгерчиликти бекемдөөгө кызмат кыла берсин!

Айдай Джолчубекова

 Аида Карыбекова

                   

Бөлүшүү