БИР ЖЫЛДЫК ПРОБАЦИЯ. МУГАЛИМГЕ КОЛ КӨТӨРГӨН ОКУУЧУГА ӨКҮМ ЧЫКТЫ
- 01.05.2026
- 0
Бишкектеги №83 мектепте окуучу мугалимге кол көтөргөн иш боюнча сот процесси 13-апрелде башталган. 23-апрелде дагы бир жолу чогулушмак, бирок чакырылган психолог келбей калып, отурум 30-апрелге жылдырылган. Ошол аралыкта мугалим тарап менен окуучунун ата-энеси өз ара сүйлөшүп жүрүштү. Мугалим өзү деле “бала жаш, бүт өмүрү алдыда” деп, кечирим берүүгө даяр экенин айтып жатты.
Бул окуя жөн эле бир жаңжал болуп калбай, мугалимдин коопсуздугу, кадыр-баркы деген теманы кайра козгоду. Анткени акыркы жылдары мугалимдерге болгон мамиле көп талкууга түшүп жатат. 2025-жылдан тарта мыйзам да катуураак болуп калды: мугалимге кол көтөрсөң — айып пул же абак жазасы бар. Ал эми кемсинтсең да жөн калбайсың, айып төлөйсүң.
Учурда Жогорку Кеңеште мугалимди мазактагандарга жазаны күчөтөлү деген демилге каралып жатат.
30-апрелдеги акыркы сот отурумуна бул жолу баары келди. Ошол жерде окуучу күнөөсүн толук мойнуна алып, “ката кетирдим” деп мугалимден да, элден да кечирим сурады. Мугалим болсо баягы эле оюн кайталады: “жаштык кылды, бирөөлөрдүн таасирине алдырды” деп, аны кечирерин айтты. Ата-энеси да келип кечирим сурашты. Адистер да баланын жаш экенин, айлана-чөйрөнүн таасири тийгенин белгилешти.
Акыры сот ушунун баарын эске алып, баланы бир жылдык пробацияга чыгарды. Башкача айтканда, эркиндикте болот, бирок көзөмөлдө жүрөт. Эгер кимдир бирөө бул чечимге макул болбосо, шаардык сотко арыз берип, кайра каратууга мүмкүнчүлүк бар.
Нурлан КЫДЫКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер