Мугалимге кол көтөргөндөр түрмөгө түшөт
- 05.11.2025
- 0
Эми мугалимге, дарыгерге жана башка коомдук кызыкчылыкта кесиптик милдетин аткарып жаткандарга кол көтөрүп, ден соолугуна залака келтирген ээнбаштар 100 миң сомго чейин айып пул менен жазаланат же беш жылга түрмөгө түшөт. Президент Садыр Жапаров кол койгон Кылмыш — Жаза Кодексиндеги жаңы толуктоонун талабы ушундай. Эми класска атырылып кирип, мугалимге кол көтөргөн кызуу кандуу зөөкүрлөр тизгинин тартышы керек. Буга чейин биздин мектептерде эч кимди көзгө илбей, мугалимге чоңсунуп муштум менен маселе чечкиси келген эргулдар болгону белгилүү. (КС)
Бөлүшүү
Комментарийлер