МУГАЛИМДИН ЫР ААЛАМЫ

  • 11.05.2022
  • 0

Ала-Буканын бир бурчунда жашап, мугалим болуп иштеген акын кызыбыз Ашира КУЛИШЕВАнын ырларын кээде социалдык медиа айдыңында окуп калам. Жашоонун боёкторун өзүнчө көрүп, өзүнчө сыпаттаганы, ырларында кадыресе тереңдик бар экендиги байкалат. Айылда термелген ойлордо чоң дүйнө жатат.

Балким, Ашира кыргыз акындарынан Алыкулду, Жолонду, Турарды, Оморду, Сагынды окуган чыгар, ал эми Марина Цветаева, Анна Ахматованы такыр эле окубаган да чыгар, бирок ал өзүнүн табигый дүйнө кабылдоосу, табигый көз карашы менен ал качандыр бир убакта баарын “окуп”, көкүрөгүнө түйүп алгандай көрүнөт.

 

Кандай десем: баары бирби же сага,

Жан дүйнөңдүн көрөңгөсү эмне дейт?..

Бугум ашып, айта албаймын эч кимге,

Бүгүн эртең күз жамгыры себелейт…

 

Бул саптардын ыргагы акын кыздын дүйнөсүнүн эӊ бир аялуу, купуя катмарынан кабар берип тургандай. «Бүгүн эртең күз жамгыры себелейт…» Быйылкы жылдын эң эле сонун мезгилинин акыркы жамгыры, акыркы тамчысы күтүүнүн жаабай калган жамгырындай, минордук сезимди билдирет.

«Аялды түшүнүү дүйнөнү түшүнүү менен тете» деп бир классик айткандай, улуу сезимди көкүрөгүндө багып, аялдык аруулугун сактай алган, бир эле учурда алсыз, бир эле учурда күчтүү заттын, түшүнүүгө болбогон жашоо табышмагы көп. Аруу жерде аруу дүйнө жаралат…

 

Бүгүн да кар жаайт окшойт, туман басып,

Асман алыс, боз чалат тунаргансып.

Тынчтыгын жан дүйнөмүн издеп канча,

Таба албай чабалактап турам алсыз…

 

Ак барак барбы сизде, жазылбаган,

Сүрөтүн тартуу үчүн – кооз күндүн.

Кароого кайра – кайра элестетип,

Сооротуп ыйлаганда  керек бир түн…

 

Эртели-кеч элет жашоосу тегирмендей айланып, жашоонун күнүн таң менен кеч менен эсептеп турганда, ошол жерде жүрөгү тунук саптар менен алпурушуп жүргөн  ушул акын кызыбыздын данектей дүйнөсүнө сереп салып, ак жол каалап олтурам…

Ушул Ааламда, ушул чындыкта адабияттын узун жолун басып өтүңүз…

Ыр – ар бирибиздин сезим санжырабыз…

 

Султан РАЕВ,

Кыргыз Республикасын эл жазуучусу

Бөлүшүү

Комментарийлер