МУГАЛИМДИН КИТЕБИ ЖАРЫК КӨРДҮ

  • 22.07.2024
  • 0

Жакында ардагер педагог Назира Альмухамедованын «Сүйкүмдүүнүн жоогазындары» («Милашкины тюльпаны») аңгемелер жыйнагы чыкты. Балдар жана өспүрүмдөрдүн К. Баялинов атындагы республикалык китепканасында жаңы китептин бер ачарына автордун жакын санаалаштары, калемдеш достору келди.

МУГАЛИМДИН КИТЕБИ ЖАРЫК КӨРДҮ

Г. Орозова, Н. Альмухамедова жана Ш. Равшан.

Республикадагы түрдүү улут өкүлдөрүн бириктирген «Аржанг» чыгармачыл тобунун жетекчиси акын Шоистаи Равшан калемдеши жөнүндө мындай деди:

— Назира Сафаровна — боорукер, адамгерчиликтүү, баамчыл инсан, дайыма изденип иштеген автор. Токмок шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы адабий бирикменин жигердүү мүчөсү экенин билебиз. Буга чейин да жакшы китептери жарык көргөн. Бул жыйнагына турмуштук таасирлерден алып жазган аңгемелери камтылыптыр. Китептин аягына жашоодогу ажайып көрүнүштөрдү дайым байкап жүргөн автордун тарткан сонун фотосүрөттөрү да кошулганы жакшы болуптур. Мындан аркы чыгармачыл жолуңуз жемиштүү болсун!

МУГАЛИМДИН КИТЕБИ ЖАРЫК КӨРДҮ

Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун кызматкери, филология илимдеринин доктору, Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Гүлбара Орозова калемгер жердеши жана анын чыгармачыл жолу жөнүндө сөз кылды:

«Окуумду аяктап, кошуна айылга мугалим болуп барсам, Назира Сафаровна биздин айылдаш агабыз менен баш кошуп, Душанбеден көчүп келген экен. Мектепте чогуу иштеп калдык. Абдан сабаттуу сүйлөгөн, жазган бул жеңебиздин чыгармалары Тажикстандын «Памир» адабий журналында жарык көргөн. Көбүнчө эссе жанрында жазат. Аңгемелери реалдуу окуяларга негизделген, ошондуктан кээде жөн гана эскерүүгө окшошуп кетет.

Мага айрыкча кыргыз тилинде чыккан бир китебиндеги «Кара-Тегин суусу» аңгемеси жаккан. Анда балдары шаарга көчүрүп кеткен кемпирдин алыскы тоолуу айылын сагынганы баяндалат. Өзүнүн балалыгы, жаштыгы өткөн жайлоодогу бир булактын суусунан алып кел деп уулдарынын бирин жумшайт. Ал бийик тоолордун арасына барып, апасы айткан жерге жетпей, сууну башка булактан эле алып кайтат. Узак жол жүрүп келген уулун зарыга күткөн ак чач кемпир сууну уурттап көргөндө айткан сөзү таң калтырат: «Айланайын балам, бул баланча конуштагы булактын суусу экен. Кудай жалгасын, өмүрлүү бол. Бирок ошол жерден бир аз эле өйдө бассаң, мен айткан булактын өзүнө жетмек экенсиң…»

МУГАЛИМДИН КИТЕБИ ЖАРЫК КӨРДҮ

«Көчөдө эмне бар экен?»

МУГАЛИМДИН КИТЕБИ ЖАРЫК КӨРДҮ

«Кардагы жоогазын»

Жазуучу мугалимди жаңы китеби менен куттуктаган калемдештери ага бекем ден соолук, бактылуу карылык тилешти. Анын чыгармачыл ишмердигин колдоп жүргөн уул-кыздарына, келиндерине бата беришти.

Жолдош Турдубаев

Бөлүшүү

Комментарийлер