МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИН БААЛАГАН ШААР БИЙЛИГИ БАР БОЛСУН!

  • 03.10.2020
  • 0

Кара-Көл шаарынын ардактуу мугалими Токтокан Чокоева мугалимдердин кесиптик майрамында «Кара-Көл шаарына ак ниет кызматы үчүн» ордени менен сыйланды.

МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИН БААЛАГАН ШААР БИЙЛИГИ БАР БОЛСУН!

Мугалимге карата мындай сый-урмат бул шаарда биринчи жолу болуп жаткан жок.
Кара-Көл шаарынын мэриясы жана шаардык кеңеш ар убак агартуучулардын көйгөйүнө көңүл буруп, агай-эжейлердин социалдык маселелерин чечүүгө жакындан жардам берип келет.

МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИН БААЛАГАН ШААР БИЙЛИГИ БАР БОЛСУН!

Өткөн жылы шаар бийлиги тарабынан ушундай эле сыйлык чыгармачыл мугалим Байыш Мүсүралиевге берилгенде, конференцияга катышып олтурган лейлектик атактуу мугалим Гапыр Мадаминов толкунданып: «Мугалимдин эмгегин баалаган шаар жетекчилигине миң алкыш! Кыргызстандын башка шаар, район жетекчилери үлгү аларлык саамалык экен! Мен муну бардык жерде айта жүрөм!» дегени эсимде.

МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИН БААЛАГАН ШААР БИЙЛИГИ БАР БОЛСУН!

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Алымкан Мырзалиеванын айтуусунда, бул жолку мугалимдердин кесиптик майрамына карата санариптик билим берүүнүн бир топ алдыңкылары мэриянын, шаардык кеңештин Ардак грамоталарына татыктуу болушту.

— Токтокан эжей биз үчүн тирүү легенда! Эжейибиздин эмгеги ушинтип бааланганга баарыбыз кубанып турабыз, — дейт Алымкан Бопоновна.

А.Алибеков, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер