МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИ — ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИНЕ ЖАЗЫЛГАН ТАРЫХ
- 05.10.2026
- 0
Баткен облусунан чыккан мугалимдин эмгеги жогору бааланды
Мугалимдер күнүнө карата өлкө боюнча агартуу тармагында эмгектенген мыкты педагогдордун кесиптик ишмердүүлүгү дагы бир ирет белгиленип, алардын эмгегине татыктуу баа берилүүдө.
Алардын катарында Баткен облусунан чыккан, учурда «Алтын түйүн» улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын программалоо ийриминин жетекчиси Осмонова Урматай Жеңишбековна да бар.
Урматай Жеңишбековна Агартуу министрлигинин АИС системасы аркылуу тандалып, грамота менен сыйланды.
Мугалим — билимдин гана эмес, келечектин да жол көрсөтүүчүсү. Ал эми анын ар бир окуучуга берген билими, ар бир айткан насааты өлкөнүн өнүгүүсүнө кошулган баа жеткис салым болуп кала берет.
М.К, “Кут Билим”

