МУГАЛИМДИН БЕЙНЕСИН КИМ ЖАЗАТ ЖЕ ДҮЙШӨМБҮГӨ ЧЕЙИН КАНТИП ЖАШАЙБЫЗ?

  • 22.01.2020
  • 0

“Биринчи мугалим”, “Дүйшөмбүгө чейин аман бололу” деген мугалимдер жөнүндө чыгармаларды туу туткан акын жана журналист, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, дүйнөлүк коомдук поэзия академиясынын академиги, КР Билим берүүсүнүн мыктысы Догдурбек Юсупов өз чыгармаларында мектеп темасына көп кайрылат.

Өзү алгачкы эмгек жолун мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштагандыктанбы, агартуу тармагы анын жүрөгүнө жакын. Биз бүгүн аны менен мугалим жөнүндө, анын кадыр-баркы, сыйы жана ыйы тууралуу маек курдук. Буга кечээ жакындагы эле мугалимди дегдеңдетип директорго сүйрөгөн ата-эне, андан мурда жаш мугалим кыздын сыйланышына карата айтылган өйдө-төмөн сөздөр, деги эле мугалимдин солкулдап турган бүгүнкү орду түрткү болду.

Мугалимдин сыйы жана ыйы

Мугалимдин бүгүнкү коомдогу орду төмөндөп, жаштар мугалим болуп иштөөдөн качып жаткандыгын анын эмгек акысынын татыктуу бааланбай жатканы деп билчүбүз. Азыр эмгек акысы айтарлык көтөрүлдү. Андан тышкары, педагогикалык кесипте окуган студенттердин стипендиялары да жогорулады. Эми анын беделин кантип көтөрөбүз деп ойлойсуз?

— Мен адегенде мугалимге көрсөтүлгөн сый жөнүндө айта кетейин. Буга себеп жаш мугалим кыздын мамлекеттик сыйлык менен сыйланышынын айланасында айтылган кептер болду. Бизде башынан бери келаткан бир кейиштүү көнүмүш бар. Адамды улгайганда гана сыйлоону адатка айландырып алышкан. Бир жерде, бир орунда узак жылдар бою иштеди деп сыйлашат. Ал эми ал кандай иштеди, кандай демилгелерди көтөрдү, кандай жаңылык киргизди, булар тууралуу эске алынбайт. Мен мисалы, жаш мугалимдин сыйланышын туура эле көрөм. Анын жигердүү иштегенин көрүп-билип туруп, мектептин жетекчилиги сыйлыкка сунуштады да… Өз учурунда эмгектин бааланганы дурус. Эми бул сыйлык анын мындан ары огобетер шыктануу менен иштешине түрткү берери бышык. Мен өзүмдүн мисалымды деле келтирип кетсем болот. Пржевальск (азыркы Каракол) педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетин аяктагандан кийин, бир жыл райондук гезитте котормочу болуп иштеп, андан соң өзүмдүн туулган айылыма – Жайыл районундагы Талды-Булак орто мектебине мугалим болуп бардым. Дароо эле ишти колго алып, адабий ийрим уюштуруп, “Жаш таланттар” кереге гезитин чыгара баштадым. Андан тышкары, сабак өтүүнүн ыкмаларын өркүндөтүү боюнча райондук “Эмгек даңкы” газетасына, республикалык “Мугалимдер газетасына” усулдук макалаларым жарыяланып жүрдү. Райондук усулдук кабинет алдыңкы тажрыйбамды жаш мугалимдер арасында жайылта баштады. Бир жылдан кийин эле, 1977-жылдын октябрь айында Кыргызстан ЛКЖС Борбордук Комитетинин Ардак грамотасы менен сыйландым. Ал кезде андай сыйлыктар да оңой менен берилчү эмес. Андан кийин мындан да жогорку сыйлыктар көп эле болду деңизчи, бирок эмгектеги ийгиликтерим үчүн алган бул алгачкы сыйлыгым мен үчүн эстен кеткис, өтө баалуу жана сыймыктуу болду. Балким кийин журналисттик кесипке өтүп кетпесем, андан да жемиштүү эмгектерди жаратмакмын деп ойлойм.

Журналисттик кесипке кандайча келип калдыңыз?

— Ошол кезде биздин район экиге бөлүнүп, жаңы уюшулган Панфилов районунда райондук гезит ачылып, бизде партиянын райондук комитетинде бөлүм башчы болуп иштеген Б.Акпаров редактор болуп бекитилет. Анан ал кадр чогултуп, мени да чакырып калды. Ал кезде жаш кадрларга жакшы шарт түзүп беришчү эмес беле, менин келинчегиме да иш орун, батир беребиз дешкенинен дароо өтүп кеттим. Адегенде көнбөй, кайра кетким келчү. Мектептин турмушу ажайып бир өзгөчө сонун дүйнө да. Эртеден кечке кызуу турмуш кайнап тургандай. Ал эми редакцияга келсем, бир бөлмөдө бир экиден үңкүйүп гезит тиктеп же бирдеме чиймелеп ойлонуп отургандар. Аларды көргөндө кадимкидей ыйлагым келчү. Мурда өзүм чыгармачылыкка кызыгып жүргөндүктөнбү, журналисттик чөйрөгө да тез эле аралашып, өмүрүмдүн 15 жылы журналистиканын устаканасы болгон райондук гезитте өттү. Бирок бул жылдары мектеп менен таптакыр эле кол үзүшүп кеткеним жок. Райондук пионерлер үйүндө адабий ийримди жетектеп, мектептерде музыкадан сабак да берип жүрдүм.

“Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы” төш белгисин бекер албаптырсыз да…

— Журналисттер үчүн билим тармагына эмгек өтөө, ага жараша сыйлык алуу зор сыймык деп эсептейм. Буга бир чети 2010-жылы ошол кездеги мамлекет башчысы Роза Отунбаева айылдык китепканаларды китеп менен камсыздоо боюнча демилге көтөргөн болчу. Анда “Кыргыз Туусу” гезитинде баш редактордун орун басары болуп иштеп жүргөн кезим. Бир күнү кабинетиме белгилүү акын Билим Карагулов кирип, сөз арасында өзүнүн менчик китепканасын Жумгал районундагы Т.Турсунбаева атындагы орто мектептин китепканасына өткөрүп бергендигин айтып калды. Көп өтпөй теледен коомдук ишмер Ишенгүл Болжурова айылдык китепканага үч жүздөй китебин белекке бергендигин билдирди. Ошол замат бул пайдалуу ишке кол кабыш кылууну чечип, менчик китепканамдагы китептерди, ага кошумча кол менен тартылган төрт чоң көлөмдөгү пейзаждык сүрөттөрдү уулумдун унаасына жүктө барып, өзүм билим алган Жайыл районундагы Талды-Булак орто мектебинин китепканасына салтанаттуу түрдө тапшырдым. Иш-чарага райондун жетекчилери да катышып, көп өтпөй КР Билим берүү жана илим министрлигинен байланышып, жогорудагы сыйлыкты тапшырышкан болчу.

Мугалим жөнүндө чыгармалар жетишпей жатат

Догдурбек Юсупович, сиз кайра-кайра окуп, көргөн эң баалуу китеп жана тасмалар барбы?  

— Мен Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” жана орустун белгилүү жазуучусу Юрий Поляковдун “Работа над ошибками” аттуу китептерин жакшы көрөм, аларды кайра-кайра окугандан тажабайм. Ал эми кинотасмалардан “Дүйшөмбүгө чейин аман бололу” (“Доживем до понедельника”) кинотасмасы мага өтө жагат. Бул чыгармалар мага керек учурда дем берет десем да болот. Азыркы жаш адистерге ушундай дем берүүчү чыгармалар жетишпей жатабы деп да ойлойм…

Сөз кыябы келгенде айта кетейин, кийинки мезгилде мугалим жөнүндө китептер дээрлик жазылбай калды. Учурда мугалимдин баркы түшүп кетти дейбиз да, алардын кадыр-баркын көтөрүүгө багытталган чыгармаларды жазбайбыз. Мурда жазылган Жунай Мавляновдун “Турмуш”, К.Бобуловдун “Элеттик жигит” деген чыгармаларынан башка, мугалим жөнүндө бир да чыгарма жок. Азыр мугалим жөнүндө, коом, интеллект үчүн салмактуу чыгармаларды жазгандын ордуна, азыркы жазуучуларыбыз базар үчүн жеңил-желпи чыгармаларды жазып, коомдун табитин ого бетер бузуп, төмөндөтүп жатышат. Мугалимдин беделин коом көтөрүш керек. Жетекчилер, бийлик башындагылар мугалимди коргоого алууга тийиш. Мына, жакында эле эмгек акынын көлөмү көтөрүлдү эми ошого жараша талапты катуу коюш керек. Азыркы мугалимдерге оңой, көрсөтмө куралдарды табуу жеңил.

Сиздин “Учканбыз жылуу уядан” деген китебиңизде мектеп, мугалимдерге бекер кайрылбаптырсыз да…

— Ооба, менин эки жылча мурун чыккан кезектеги “Учканбыз жылуу уядан” китебим дал ушул биз сөз кылып жаткан мектеп темасына арналды. Китептин жазылышына классташым, генерал-лейтенант, Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков түрткү болду. Бул китебимде өзүм мындан жарым кылымдан ашуун мезгил мурда аяктаган мектебимдин тарыхына кенен-кесири токтолуп, ата-энебиз сымал бөпөлөшүп, билим кенин ачып беришкен мугалимдерибиздин асыл сапаттарын белгилеп, классташтарымдын бейнесин көз алдыга даана тартып берүүгө аракеттендим.

Китепте жекече турмуш туундулары, өздүк өмүр сабактары кененирээк орун алды. Көз алдыбызга канчалаган тагдырлар, канчалаган кейиштүү, бактылуу, ачуу-таттуу же тескерисинче, ийгиликсиз таржымалдар өтпөдү. Баардыгы болду. Бул тагдырларда өлкөнүн тагдыры, улутубуздун тагдыры, улуттук педагогикабыздын тарыхы кеңири орун алды. Андан тышкары, мектепке арналган ырлар бар. Алдыдагы пландарыма да мектеп сөзсүз кирет деп ишенем. Учурда “Фронталдык текшерүү” деген мыскылдуу поэма жазып аяктап калдым.

Мектепке азыр ата керек…

Дагы да болсо сиз мугалим иштеп жүргөн кездеги мектеп, мугалимдер менен азыркыларды салыштырып жатпайбызбы. Азыркы билим системасына дагы кандай өзгөртүүлөрдү киргизсе болот деп ойлойсуз?

— Ал кезде деле мугалим болуп иштеген оңой эмес болчу. Бирок анда эркек мугалимдер арбын эле. Мобу рынок заманы аларды мектептен колдон тартып чыгарып койду. Мектепке азыр ата керек. Азыр эмне үчүн балдар тартипсиз? Балким бул мектепте бүт эле аялдар иштеп жатышкандыгында болуп жүрбөсүн?! Ошондуктан эркектерди мектепке тартуу керек. Менин жеке баамымда мектеп – хан сарай. Ал эми мугалимди биз мөмөлүү даракка салыштырып келебиз. Анын жемишин алуу үчүн мугалим да, ата-эне да, коомчулук да биргелешип аракеттенишибиз керек. Мындан да кыйынчылык убак болгон, революция жеңип, бир коомдон бир коомго формация алмашкан кезде да мугалимдин абалы оңой эмес болчу. Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалиминде” мугалимдин анык портрети ачып, мугалимдин образын калыптандырып, анын коомдогу барктуу ордун аныктап берди десек да болот. Ошол чыгармада мугалимди адам деп эсептебей жатса да, мугалимдин ким экенин даана көрсөтүп бере алган. Бизге азыр Чыңгыз Айтматовдун Дүйшөнү керек.

Айнагүл Кашыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер