МУГАЛИМДИН БЕДЕЛИН ТҮШҮРГӨН АЙЫМ 30 МИҢ АЙЫП ПУЛ ТӨЛӨЙТ

  • 20.02.2020
  • 0

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Бишкек шаарындагы №95 мектеп-гимназиясынын мугалимин директордун кабинетине күч колдонуп сүйрөгөн айымдын үстүнө жазылган арыз боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.

Эсиңиздерге сала кетсек, “Кут Билим” гезитинин 24-январдагы №2 санында “Агартуучуларды агрессиядан кантип коргойбуз?” деген аталыштагы макалада №95 мектеп-гимназиясынын мугалими менен окуучу кыздын апасынын ортосундагы жаңжал тууралуу жазганбыз.

Бул окуя коомчулукка кеңири тарап, Бишкек мэриясы жана Билим берүү жана илим министрлиги атайын комиссия түзгөн. Жабырланган мугалим укук коргоо органдарына арыз жазып, жыйынтыгын күтүп жатканын кабарлаган. Окуучунун апасынын ал жоругу “Жосундар жөнүндөгү” кодекстин 65-беренеси боюнча катталган.

Ленин райондук сотунун чечими боюнча окуучунун апасы “Майда тартип бузуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 30 миң сом айып пул төлөө милдеттендирилди.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер