МУГАЛИМДИН БАРКЫНА КИМ ЖЕТЕТ?

  • 17.05.2023
  • 0

МУГАЛИМДИН БАРКЫНА КИМ ЖЕТЕТ?

“Адамды билими күчтүү, бирок руху жарды кылып тарбиялоо коомго чоӊ коркунуч жаратат.

Т.Рузвельт, Американын 26-президенти

Кийинки учурда мугалимдин мектептеги жана коомдогу кадыр-баркы тууралуу маалыматтар көп чыгып, талаш-тартыш болду. Демократиялык дөөлөттөрдү жактагандар коомчулук баланын инсандык укугун коргоп чыкса, советтик мектептин тарбиясын көргөн консервативдүү катмар мугалимдин таламын талашты. Айтмакчы, ошол талкуулардын эпкини менен Жогорку Кеӊеш мугалимдин кадыр-баркына шек келтирген окуучунун ата-энесине акчалай айып сала турган мыйзамды да кабыл алды. Бирок абал жакшырып кеттиби?..

Философиянын мыйзамында айтылгандай, абсолюттук чындыкты эч ким камсыздай албайт. Ал салыштырмалуу гана болушу мүмкүн.

 Педагогиканын атасы деп эсептелген Ян Амос Коменский чыныгы мугалим тууралуу мындай деп айткан: “Жакшы мугалим болуш үчүн эмнени окуткан сабагыӊ менен билим берген балдарыӊды сүйүшүӊ керек”. Ооба, идеалда ушундай болушу керек. Эмне үчүн мындай эӊ баалуу болгон кесипти сүйүү менен мамиле кылуу сейрек учурайт?

 Сиз өз кесибин, демек баланы сүйбөгөн мугалимге балаӊызды окутуп тарбиялоого ишенип берет белеӊиз? Албетте, жок. Бирок турмуш көрсөткөндөй, биз бул шартка көздү жуумп коюп жатпайбызбы. Мектепке берип жатканда бизди мектептин аброюн, жайгашкан жерин (жакындыгын) же класстарда орун тар эместигин, кошумча төлөнүүчү акынын өлчөмүн эске алып, эӊ аягында гана мугалимдердин кесипкөйлүгүн ойлошуӊуз мүмкүн. Албетте, мектепте тосуп алуучулар бизде өз кесибинин фанаттары иштейт деп ишендирүүгө аракет кылат эмеспи. Сиз ага ишенбесеӊиз да ишенгендей түр менен балаӊызды өткөрүп бересиз.

Бирок бала чын ыкластан урматтаган Устатына эмес, ата-энелердин колун караган бир катардагы байкушка барабы? Кеп мына ушунда. Сиздин көмүскө аӊ-сезимиӊдеги тандооӊуз кандай болсо, ошондой мугалимге туш болосуз. Демек, эӊ алгач ата-эненин милдети да мектепке баруучу баланын назик аӊ-сезимине билим, таалим-тарбия берүүчү мугалимге, тажрыйбалуу адамга карата тереӊ сый-урмат мамилесин калыптандыруу болуп саналат.

Ата-эне сыйга жана ишенимге татыктуу Устатты тандаса, бала так ошондой устатка жасаган тереӊ сый-урмат менен мектеп босогосун аттайт. Эгерде мындай тарбиянын пайдубалы жок болсо, мугалимдин иши абдан оорлошот. Ата-эне мугалимге жогортон ылдый карай караган меркантилдүү заманда биз так ушундай мамилеге көп учурап жатабыз…

Мугалим өз кесибин сүйүш үчүн анын эмгегин биринчи кезекте өз окуучусу жана анын ата-энеси баалоого тийиш. Бул өз ишине канааттануу, жашоодо туу туткан философиялык дарагынын кыртышын сугара турган негизги фактор эмеспи.

“Сабагыӊыз үчүн рахмат! Сиздин сабагыӊыз бизге абдан жагат!” — деген сөздү уккан мугалим бактылуу болот. Бирок мындай ыраазычылык сөздөр сейрек айтылат же дээрлик айтылбайт. Класс жетекчинин түйшүгүн аркалаган мугалим айылдагы кыжаалат жагдайлар менен ооруган бечарага айланат. Бир жагынан баласынын тарбия-таалимине карабаган ата-энелер аны жаман көрсө, экинчи жагынан ар кандай иш-чараларды уюштурууну, түркүн кагаздарды толтурууну талап кылып, мектеп жетекчилери демитет…

Убактысы чакталуу болсо да, кара жанын карч уруп, сабагына даярданып келсе дагы мектепте жакшы сөз, жакшы мамиле жасалбайт. Бардыгы үчүн мугалим күнөөлүү, мугалим жооптуу.

Мугалимдин өз үй-бүлөсүнө караганга жетишпей, болгон убактысын, күчүн сабактарга даярданууга, дептерлерин текшерип кошумча материалдарды издөөгө жумшай турганын эч ким айтпайт да, баалабайт да. Балдары оорукчан, үй-бүлөсү каралбаган же жолдошу камкордукка алынбай ажырашып же сыркоолоп калган мугалимдер канча:..

Өзүнөн кечип жатып миӊ түйшүк жана изденүү менен даярдаган сабагына окуучулары кызыкпаса же каяшасын укса, ал өзүн кандай сезет? Жакшы мугалимге, кыйын тарбиячыга андай тескери мамиле болбойт деп ким кепилдик бере алат? Эч ким, анткени азыркы тарбиясыз, улуттук нарктан да жөнөкөй адамгерчилик этикасынан да куру жалак калып, Интернеттин таасиринде гана жашаган маӊкурттар көбөйдү. Алар менен мугалим жалгыз калды.

Мугалимдин сабагына көӊүл буруунун ордуна атайын ачуусуна тийип, видеого тартып, класстын же топтун ватсап тайпасына жиберген учурлары да болуп жатпайбы! Устатын шылдыӊдаган эси жок балдарды коргоп, мугалимди ого бетер жектеген чоӊдор азбы? Мындай жагымсыз учурлар мугалимдин духун түшүрөт, жүрөгүн оорутат.

Эгерде баланын ата-энеси мектептин жетекчилиги менен кошулуп, мугалимдин иш-аракетин сындоочу, талдоочу кээде жазалоочу позицияда турса, кайсы сый-урмат болушу мүмкүн? Мугалимдин болгон күч-аракети сапаттуу сабак өтүүгө эмес, ушундай көрүнүштөр менен алышууга короп жаткан жокпу? Анын жан дүйнөсү жабыркайт. Адам катары ызаланат, кээде ачууга да алдырып коёт.

Эмне үчүн мектеп турмушунда мындай көрүнүштөр орун алып келет?

Баланын класстагы мындай терс жүрүм-туруму, мугалимге карата мамилеси — бул үйдөгү ата-эненин мугалимге болгон, билим алууга болгон мамилесинин күзгүсү. Эгерде ал мамиле бузулуп жатса, биринчи кезекте ата-энени тарбиялаш керек. Коомдук пикирди, мугалимдик кесипке карата мамилени мамлекеттик деӊгээлде оӊдош керек. Ооба, мамлекеттик деӊгээлде! Антпесек, өз кесибинин түмөн түйшүгү аз келгенсип, коом тарабынан басмырланган, өз окуучулары тарабынан мазакталган мугалим балдарга кандай өрнөк көрсөтүп, кандай таалим бере алат?..

Дал ушундай себептен улам балдарыбыз чала сабат, тарбиясыз болуп мектепти эптеп-септеп бүтүп жатышат, капчыгы калыӊ ата-эненин арты менен чет өлкөлөргө кетишет, акча менен бир вузду бүтүшөт.

Отуз жылдан бери биздин коом өнүкпөй баш-аламандыктын, жакырчылыктын жана рухий жардылыктын сазынан чыга албай келе жатат. Коомду алдыӊкы билим, тартип оӊдой турганын ар бир акыл-эстүү жаран аӊдап билгидей заманга келдик. Азыр коомдун бардык материалдык жана рухий күч-кубаты мугалимди колдоого, анын коомдогу абалын жана кесиптик даярдыгын жогорулатууга багытталыш керек. Дүйнөлүк алдыӊкы тажрыйбаларды оозеки айтып же жазып коюп, компоюп басып жүрө бербей иш жүзүндө жайылтуу зарыл. Өзүбүздөгү мыкты тажрыйбаларды, мисалы, Лейлектеги №3 эксперименталдык гимназиянын таӊ каларлык өрнөгүн иликтеп, кеӊири жайылтуубуз керек.

Азыркы учурда жогорку окуу жайлардын, илим изилдөө институттарын жана методикалык борборлордун адамдык, билимдик ресурсу реалдуу көйгөйлөрдү чечүү ордуна илимий даражаларды коргоонун пайдасыз фабрикасына айланып алган. Мектеп реформасы деп коомдогу көйгөйлөрдүн туундусу болгон тарбиясыз, демек тереӊ билимсиз баланын жана билим берүүнүн оор жүгүн артынып кыйналган мугалимдин жүгүн жеӊилдетүүгө багытталбай жатат.

Өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын өзүбүздүн шарт-жагдайга ылайыкташтырууга биздин окумуштуулар салым кошпойбу? Мугалимдин кагаз түйшүгү, ата-энелер менен убара тартуудагы түйшүгү азайса гана өзүн-өзү өнүктүрүүгө бош убактысы жетиштүү болот. Китептерди көп окуп, мыкты усулдарды, жаӊы ыкмаларды үйрөнүп өздөштүрүүгө убактысы бар мугалим гана инсан катары да, кесипкөй катары да өсүү жолунда болот. Жасап жаткан ишинен да рахат алып канааттанат. Коомчулук канчалык сый-урмат менен мамиле кылса, ал ошончолук шыктанып, өзүнүн чыгармачыл дареметин толук ишке ашыра алат. Ошондо гана ал Я.А. Коменский айткандай: “чыныгы мугалим катары окуучулардын эркин ой жүгүртүүсүн, өзү гана эмес коомдун алдындагы жоопкерчилигин сезген чыныгы инсанды тарбиялап окута алат”.

Курманкан Абдиева, Бишкек шаары. Кесиптик билим берүүнүн мыктысы, кыргыз тилин жана адабиятын окутуу боюнча окуу-методикалык басылмалардын автору, ”Кыргыз тили” тѳш белгисинин ээси.

Бөлүшүү

Комментарийлер