«МУГАЛИМДИН БАРКЫН ЭМИ БИЛДИК»

  • 27.04.2020
  • 1

Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин жалпы ата-энелеринин атынан Элмира Дуйшембиева оор кырдаалга карабай, балдарга аралыктан билим берип жаткан мугалимдерге өз ыраазычылыгын билдирди.

"МУГАЛИМДИН БАРКЫН ЭМИ БИЛДИК"
Элмира эженин уулу Азыкулов Акназар 7″ж» класста окуйт. Куратору — Дардакеева Айымкан эжей. Небереси Азыкулов Акназар болсо, 3″д» классында билим алат. Класс жетекчиси — Гүлүмкан Асанкадыровна.
— Мен өзүм мугалимдин кызымын. Эки эжем — мугалим. Мурда балдардын тапшырмасын эрте-кеч карап койчубуз.  Мугалимдин эмгегин эми билдик. Көрсө, агай-эжейлердин эмгеги оор экен. Азыркы оор күндөрү да балдарга билим берип жатышат, — дейт Элмира эже.
Мугалимдердин ак эмгегине ыраазы болгон ата-эне төмөнкү ырды да  окуп берди:

Мугалимдер мөмөлүү алтын дарак,
Силерсиз билим кени кайдан жанмак?
Багыттап туура жолго келесиздер,
Бал тилдүү сөзүңөрдү дайым арнап.

Ыр эмес бекен! Бар болуңуз, Элмира эже!
Сиздей мугалимдин эмгегин түшүнгөн ата-энелер мекенибизде көп болсун!

А.Алибеков, «КутБилим»


Бөлүшүү

Комментарийлер

Кадырова М. М / 27.04.2020 19:04
Рахмат сизге, тушунуктуу ата-энелерге коп болсун! Сизге окшогон тушунуктуу ата-энелер менен союздаш болууга дайым даярбыз. ???