«МУГАЛИМДИК БИЙИК КЕСИПКЕ ЖАШТАРДЫ ДАЯРДОО — БИЗ ҮЧҮН ЗОР СЫЙМЫК!»

  • 05.05.2020
  • 0

Биздин коногубуз Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогикалык факультетинин деканы, “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын башкы редактору Рахат Сулайманова дистанттык окутуунун күңгөй, тескейи, ошол эле кезде кыйынчылыктан чыгуу жолдору, билим берүү системасынын аралыктан окутууда ийгиликтерге жеткени тууралуу айтып берди.

МУГАЛИМ, көкөлөтүп баркыңды,

Алтын менен жазгым келет атыңды!”

— Рахат Токтогуловна, Сиз жетектеген педагогикалык факультет дистанттык окутууга даяр беле? Ушул учурда эмнеге жетиштиңиздер, кандай кыйынчылыктар болду? Дегеле билим берүү системасы аралыктан окутууга ийгиликтүү өтө алдыбы?

— “Мугалим – сокурга көз, дүлөйгө кулак, караңгыга шам чырак” деген аныктама капысынан каптаган коронавирустун апааты, пандемия шартында компьютерге тигилип, андан мүнөткө да көзүн албастан окуучулар менен аралыктан байланышып, аларга билимди үзгүлтүксүз, жеткиликтүү, сапаттуу берүүнүн аракетин көрүп, “үйдө болду” дегени эле болбосо, тескерисинче, түн уйку, күн тыным көрбөй калган асыл кесиптештерибизге берилген таамай аныктама болот го деп ойлойм. Замандын кандай гана татаал талабы болбосун, мугалим өтө ыкчам ыңгайлашкан, мекен алдында, келечек алдында жоопкерчиликти моюнуна буйдалбастан жүктөй алган, карбаластап барар багытынан адашпастан, туңгуюктан туура жол таба алган адамдар экендиги дагы бир ирет далилденди. Мугалимдин эбегейсиз эмгеги мына ушул кырдаалда, үй шартында балдарын окуткан ата-энелер үчүн да өзгөчө билинди. Алардын ушул эмгегинин өзү эле мекен алдындагы БААТЫРДЫК деп айтууга толук мүмкүнчүлүк берүү менен, кандай кырдаал болбосун өлкө МУГАЛИМГЕ чоң ишеним артып, аны таяныч, тирек тутуп, ага кайрыла ала тургандыгын дагы бир баса бекемдеп коюуга болот.

Бүгүн өлкөбүздүн билим берүү системасы аралыктан окутууга ийгиликтүү өтө алды деп эсептөөгө толук мүмкүн. Алыскы тоолуу интернет тартпаган аймактарда дагы билим берүү өз нугунда жүргүзүлүп жаткандыгынан кабардар болуудабыз. Анткени менен, аралыктан окутуунун капысынан уюштурулушу, кыйынчылыктарды да жаратпай койгон жок. Өз үйүндө компьютери жок, заманбап уюлдук телефону жок кесиптештерибиздин кошунасыныкына чуркап, маалыматын, тапшырмасын жүктөп алуу үчүн суранып жүргөнүнө деле күбө болуп жатабыз. Ошол эле мезгилде ушундай эле шарты жок окуучулар менен да иштөө кыйынчылыктарынын келип чыккандыгы да жашыруун эмес.

Ал эми мындай шартта Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде дагы иштер ийгиликтүү жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеп кетким келет. Окуу жайдын ар бир факультети менен университеттин жетекчилиги, окуу башкармалыгы үзгүлтүксүз байланышта болуп, окуу процесси жогорку деңгээлде уюштурулууда. Ал эми өзүм эмгектенген Педагогикалык факультет тууралуу айта турган болсом, аралыктан окутуу WhatsApp, Zoom, Googl classroom, AVN платформаларын колдонуу аркылуу ишке ашырылып жатат. Ар бир окуу дисциплинасы боюнча студенттерге окутуучулар тарабынан окуу-методикалык комплекстер, on-line булактар, лекциялардын тексттери сунушталып, электрондук варианттары менен камсыздалды. Студенттердин дээрлик 95%ы окутуучулар менен байланышка чыгууда. Айрым гана студенттер менен өтө алыскы аймактарда интернет байланышынын начардыгынан WhatsApp аркылуу окутуу иши жүргүзүлүүдө. Окутуучулар тарабынан видеолекциялар даярдалып, университеттин “Баласагын ТВ” каналында тартылып жатат. Окутуучуларыбыз сабактарды жогорку деңгээлде өтүп, ал гана эмес ачык лекцияларды, практикалык сабактарды дагы ийгиликтүү уюштуруп жатышат.

— Студенттер окутуучулардын эмгектерин баалап жатышабы?

Ооба, аралыктан окутууда студенттер болуп көрбөгөндөй окутуучуларга ыраазычылыктарын билдирип жатышат. Мугалимдердин мындай эмгегин баалаган студенттерибиз өздөрүнүн ыраазычылык сезимдерин жашырышпаган видеокайрылууларын, роликтерин байма-бай жолдоп жатышат. Мугалим үчүн окуучунун ыраазычылыгынан, анын берген баасынан артык нерсе жок эмеспи. Мындай жылуу пикирлер шыгыбызга шык, демибизге дем кошуп жаткандыгын, мугалим болуп калганыбызга сыймыктанган сезимдерибизди жашыра албайбыз.

«МУГАЛИМДИК БИЙИК КЕСИПКЕ ЖАШТАРДЫ ДАЯРДОО - БИЗ ҮЧҮН ЗОР СЫЙМЫК!»

— Студенттердин сабакка катышуусун кантип көзөмөлдөп жатасыздар? Курстук иштерди кабыл алуу, жайкы мамлекеттик сынактарга кабыл алуу иштери  жүрүп жатабы?

— Ар бир жума сайын иштеген иштерибиз, студенттердин сабакка катышуусу, сабактардын өтүлүүсү тууралуу окуу жайдын жетекчилигине маалыматтарыбызды берип, күнү-түнү дебей биргеликте коюлган милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыруу аракетин көрүүдөбүз. Белгилей кетүүчү нерсе, мындай шартта окутуучуларыбыз да, жетекчилерибиз да, деканат кызматкерлери да эки эсе жоопкерчилик менен, ынтымакташуу менен иштешүүдө. Бул үчүн кесиптештериме терең ыраазычылыгымды билдирем!

Курстук иштер кабыл алынып, студенттерди жайкы сынактарга, бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик сынактарга даярдоо, бүтүрүү квалификациялык иштерин, магистрдик диссертацияларды аткаруу боюнча иштешүү өз нугунда жүргүзүлүп жатат.

Окуу иши менен гана алектенбестен, окутуучуларыбыз жана студенттерибиз ар түрдүү, кызыктуу онлайн семинарларга, вебинарларга катышып, аралыктан билимин да өркүндөтүүгө жетишип жатышат.

Аралыктан окутуу шартында быйылкы окуу жылына кабыл алуу боюнча жарнамалык иштерибиз социалдык тармактарда кесипке багыттоо боюнча видеороликтерди жайгаштыруу, бөлүшүү аркылуу уюштурулуп жатат.

2020-жылы ааламдык пандемиянын жалпы адамзат жашоосун каптаганы менен, Кыргызстанда “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылы деп аталган. Бул жагынан мугалимдер жамааты кыйчалыш кырдаалдан чыгуу менен алдыга коюлган милдетти аткарууда абдан кызуу эмгектенүүдө. Дегеним, “ааламга кеткен жол айылдан башталат” демекчи, окуучуга “А” деген арипти таанытып, алыскы келечекке багыттап, аймактардын билим берүүсүнүн өнүгүүсүнө алгачкы салымды кошуп жаткан бул мугалим. Санариптештирүү ишинин башында туруп, дүйнөлүк өнүккөн жаңы технологиялардын алиппесин окуткан да – мугалим. Ушул шартта алар билим берүүнү санариптештирүүнү болуп көрбөгөндөй тездик менен ишке ашырып жатышат. Ал эми балдарга ата-энеден кем эмес, айрым учурда ашыкча мээримин төгө алган, аларга колдоо көрсөткөн да – мугалим экендигин эч ким тана албайт. Демек, мугалим окуучуга жалгыз гана билим-тарбия берүүчү эмес, жалпы улуттун келечегинин пайдубалын түптөй турган негиз, бийик жоопкерчиликтин символу, карама-каршылыктарга буйдалбай туруштук бере алуунун үлгүсү болуп саналат. Мугалим жок жерде жаркын келечекти кура турган күчтүү эл боло албайт. Башка өнүккөн өлкөлөрдүн катарындагы эркин өлкөнү эркин ойлоно алган, билимдүү жарандар гана түптөйт. Ал эми эркин жана ар тараптуу жаран болууга дал ушул мугалимдер үйрөтөт. Коом алдындагы өтө маанилүү ишти аркалаган кесиптештерибиздин эмгеги нар көтөргүс. Дал ушундай ыйык жана бийик кесипке жаштарды даярдоо миссиясын көздөгөн ишмердүүлүктү аркалап жаткандыгыбыздын өзү биздин Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогикалык факультетинин жалпы педагогикалык жамааты үчүн зор сыймык!

Маегиңиз үчүн чоң рахмат! Баарыбыз чогуу-чаран дүйнөнүн үшүн алган ооруну жеңип, жакшы, жаңы жашоого бирге барабыз деп үмүт байлайлы.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер