МУГАЛИМДИ МАЗАКТАБА!

  • 07.09.2022
  • 0

Мугалимди мазактагандарды жоопко тартуу тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети экинчи окууда кабыл алды.

Маалыматка таянсак, мыйзамдын долбоорун талкуулоо учурунда депутат Эмил Жамгырчиев айып пулду төлөтүү менен маселе чечилбей тургандыгын белгиледи. Эл өкүлү мугалимдин беделин, аброюн алардын айлыгын көтөрүп, шарт түзүп берүү менен көтөрүүнү сунуштады.

— Өспүрүмдөр менен иштей турган атайын кызматтар, тийиштүү органдар бар. Аларды жоюп салыш керек анда, ушул мыйзам менен жүрүшсүн айып пулду топтоп. Айып пулду айтып коюу оңой, бирок төлөгөнгө келгенде өзүнүн тартиби бар да. Аймакта жашагандар, ата-энеси миграцияда жүргөндөр бар. Алардын ордуна ким төлөйт? Балам туура эмес кылыптыр деп эле ар бир ата-эне 1000 сомду төлөй койбойт. Көбүнүн эле чөнтөгүндө 1000 сом жок. Алар сотко арыз менен кайрылышы мүмкүн. Сотто мыйзамдык жагы даяр эмес, — деди эл өкүлү.

Эгер мыйзам колдоо таап, кабыл алынса, жаза катары эки  же үч миң сом айып пул салынат. Мындай жорук кайталанса, чоңдорго беш миң сом айып пул тагылат, же үч-беш күндүк административдик камак чарасы көрүлөт. Ал эми окуучуларга төрт миң сомдук айып пул салынат.

Окурмандын эсине сала кетсек, аталган мыйзам долбоорун парламент 16-июнда жалпы жыйында биринчи окууда караган.

Депутаттар Аманкан Кенжебаев, Мирлан Самыйкожо жана Улан Бакасов демилгелеген долбоор коомдук талкууга февраль айында коюлган.

Анда мугалимге окуучу же ата-эне жаман сөз айтып, адепсиз мамиле жасап, кордоп тийишкен, мазактаган, атүгүл кол салган окуялар көбөйгөнү, мунун баары педагогика кызматкеринин коомдогу өзгөчө укуктук макамынын төмөндөп кеткенине алып келип жатканы белгиленген. Окуучулардын мындай мамилеси көбүнесе чоңдордун жүрүм-турумунун күзгүсү экени айтылган.

Соңку кездери интернетте мектепте мугалим менен окуучулар айтышып, бири-бирине кол көтөргөн видеолор көп тарай баштады. Айрымдары боюнча териштирүү жүрүп, мугалимдер иштен кеткен учурлар жок эмес.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер