«МУГАЛИМДИ ДАҢАЗАЛАГАН АЙТМАТОВ»

  • 16.11.2018
  • 0

Ушундай аталыштагы Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конферен-ция 15-ноябрда И.Арабаев атындагы КМУда өттү.

Иш-чара көркөм өнөр жана маданият факультетинин студенттери тарабынан сахналаштырылган «Биринчи мугалим» повестинен үзүндү көрсөтүү менен башталды. Андан кийин университеттин ректору Т.Абдырахманов куттуктоо сөзүн айтып, мугалимдик кесиптин ыйыктыгы, анын коомдогу орду тууралуу сөз кылды.

– Биздин окуу жай дагы башкалардай эле бир жылдан бери Айтматовдун 90 жылдыгына карата түрдүү иш-чараларды өткөрүүдө. Алардын жыйынтыгын чыгаруу иш-чарасы жылдын аягында өтөт. Ч. Айтматов — жарандык көз-караш боюнча демократ, гуманист, улуу жазуучу. Анын чыгармалары театр, кино, саясат, коом сыяктуу бардык чөйрөнү өзүнө камтыйт. Алардын ичинде агартуучулар дагы бар. Улуу жазуучунун ар бир чыгармасында мугалим кездешет. Демек, ал мугалимдик кесипти сыйлаган, анын кадырын билген адам болгон, — деди өз сөзүндө Төлөбек Абылович.

Профессор-окутуучулар тарабынан «Ч.Айтматовдун мугалим болбой калган мугалимдери», «Алтынай: кыргыз кыздарын илимге үндөгөн образ», “Дүйшөн алгачкы кыргыз агартуучусу катары Ч. Айтматовдун интерпретациясында” аттуу баяндамалар жасалды. Андан сырткары иш-чаранын алкагында “Ала-Тоо ааламга үн салган Айтматов” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү дагы уюштурулду.

«Бул илимий-практикалык конференция учурдагы мугалимдердин, окутуучуларын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана Ч.Айтматовдун эмгегин даңазалоо максатында уюштурулду», — дейт университеттин китепканалар башчысы Н.Давлетиярова.

Жылдыз СУЛТАНБЕКкызы

Бөлүшүү

Комментарийлер