МУГАЛИМДЕРДИН ЖАНА ОКУУЧУЛАРДЫН САНАРИПТИК КОМПЕТЕНЦИЯЛАРЫН КОЛДОО ЖААТЫНДА ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ

  • 09.06.2023
  • 0

Италиянын Турин шаарында 7-9-июнда Европалык көндүмдөр жылынын алкагында мугалимдердин жана окуучулардын санариптик компетенцияларын колдоо дараметин жогорулатуу жана өз ара үйрөтүү боюнча семинар уюштурулду.

МУГАЛИМДЕРДИН ЖАНА ОКУУЧУЛАРДЫН САНАРИПТИК КОМПЕТЕНЦИЯЛАРЫН КОЛДОО ЖААТЫНДА ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ

Семинардын максаты – санариптик билим берүү демилгелерин ишке ашыруу, ишке киргизүү жана мониторинг жүргүзүү, заманбап санариптик экосистемалардын динамикасына жана мүнөздөмөлөрүнө ыңгайлаштыруу боюнча саясаттын учурдагы варианттары аркылуу санариптик билим берүүнү реформалоо.

Семинардын катышуучулары Борбор Азия өлкөлөрүнүн Билим берүү жана илим министрликтеринин өкүлдөрү болушту. Кыргыз Республикасынын атынан Башталгыч кесиптик билим берүү департаментинин, Республикалык илимий-методикалык борбордун, Кыргыз билим берүү академиясынын жана Ош мамлекеттик университетинин өкүлдөрү катышты.

Семинардын катышуучулары 4 модулду: Европалык билим берүү фондунун санариптик билим берүү реформасынын алкактарын; DigComp куралын колдонууну үйрөнгөн жарандар үчүн санариптик компетенциялардын алкактарын; DigCompEdu окутуучулары үчүн санариптик компетенциялардын алкактарын; Билим берүү кызматын көрсөтүүчүлөр жана мугалимдердин санариптик дараметин өзүн-өзү баалоо куралдарын өздөштүрүштү.

Семинардын жүрүшүндө Борбор Азиянын 4 өлкөсү ортосунда санариптик инклюзивдүүлүк, билим берүү тармагындагы санариптик тажрыйба боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн жаштарынын пикирлери, педагогдордун санариптик компетенциялары, санариптик сабаттуулук ж.б. темалар боюнча олуттуу талкуу болду.

Семинардын катышуучулары Турин шаарындагы Piazza dei Mestieri жана Fondazione Casa di Carita Arti e Mestieri сыяктуу 2 кесиптик билим берүү мекемесине барып, педагогдордун жана окуучулардын санариптик компетенциялары жаатындагы ийгиликтүү тажрыйбалары менен кеңири таанышышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер