МУГАЛИМДЕРДИН ТАЙМАШЫ

  • 05.10.2023
  • 0

Мугалимдердин кесиптик майрамынын алкагында Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинде «Билерман мугалим»  интеллектуалдык таймашы болуп өттү.

МУГАЛИМДЕРДИН ТАЙМАШЫ

Иш-чара мугалимдердин интеллектуалдык деңгээлин өркүндөтүү, ишке болгон шыктануусун ашыруу жана өз ара кызматташууну бекемдөө максатында уюштурулду.

Таймашта мектептеги ар бир метод бирикмеден төрттөн мугалим бир команда түзүп, жалпы жети топ күч сынашты. Аларга кыргыз тили, Баткен, логика, тарых жана компьютер категориясы боюнча түзүлгөн суроолор берилди. Интеллектуалдык таймаштын жыйынтыгында, «Квант» усулдук бирикмеси I орун камсыз кылды.

МУГАЛИМДЕРДИН ТАЙМАШЫ

Жеңүүчү жана катышуучуларга грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.

Иш-чарага мектеп директору Султанбек Момунов, мектептин профсоюз комитетинин төрайымы Гүлбарчын Эргешова, «Мурас» ийриминин жетекчиси Фуркат Авлиёев жана мектеп жамааты катышты.

А.Т, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер