МУГАЛИМДЕРДИН САНАРИП КӨНДҮМДӨРҮН КУРЧУТКАН СЫНАК

  • 23.05.2021
  • 0

Республикалык «Санарип мугалим»  сынагынын Ош облусу боюнча жеңүүчүлөрү аныкталды.

«Санарип мугалим» сынагын IT school уюмунун алдындагы Санарип Академиясынын жетекчиси  Асылбек  Мадалиев уюштурган. Белгилүү болгондой, сынак 2019-жылдын ноябрь айында  старт  алган жана анын жыйынтыгы пандемиядан улам үстүбүздөгү жылы чыгарылды.

МУГАЛИМДЕРДИН САНАРИП КӨНДҮМДӨРҮН КУРЧУТКАН СЫНАК

Сынакка катышуу үчүн Кыргызстан боюнча 815 мугалимден арыз келип түшкөн. Анын 200 дөн ашыгы Ош облусунун мугалимдери болду. Ар бир облуска координаторлор шайланды. Ош облусу боюнча координатор Бактыгүл Жапар  кызы онлайн түрүндө катышуучулар менен иштеп  жатты.
Ар бир ай үчүн эки  тапшырма  берилип  турду.
1-тапшырма : Сунушталган китепти окуу жана ал боюнча  онлайн тест тапшыруу.
2-тапшырма: Санарип технологияларды  колдонуп  сабак өтүү же  иш-чара  өткөрүү.
Төмөнкү  китептер  боюнча  онлайн  тест  алынды:
1. «Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы»;
2. «Кенже курактан баштап мектеп курагындагы креативдүү, таланттуу жана жөндөмдүү балдарды окутуп үйрөтүүдөгү негизги 20 принцип»;
3. «Финдердей окуталы»;
4. «Креативдүү мектептер»;
5. «Медиа жана маалыматтык сабаттуулук».
Уюштуруучулар  сынактын  алкагында жаӊы технологияны андан ары тереӊ өздөштүрүү  үчүн кошумча онлайн сабактарды уюштуруп, анын  негизинде мугалимдердин үйрөнгөн программа, платформаларды  колдонуу деӊгээлдери  бааланды.
Онлайн  окутууда мугалимдер
ноутбук, компьютер жана смартфондун мүмкүнчүлүктөрүн,
видеосабактарды, слайддарды түзүүнү,
графикалык дизайн жасоону, Canva приложениеси менен иштөөнү,
Google сервис менен иштөөнү, You Tube каналына сабактарды  жайгаштырууну, «Мультиурок», «Айбилим»  сайттары  менен  иштөөнү,
Зипгрейдден  тест  түзүүнү, Googl формадан  сурамжылоо жүргүзүүнү,
Zoom жана GoogleMeet тен онлайн сабак өтүүнү үйрөнүштү.
Бул сынак онлайн форматта болгондуктан, буга катышкан мугалимдер эч кыйынчылыксыз аралыктан билим берүү  менен бирге кесиптештерине, башка мектептердин мугалимдерине да  чон жардам берди. Сынак  пандемияга байланыштуу  үзгүлтүккө   учурап, 2021-жылдын  февраль айынан кайра улантылды.
Алты айга созулган бул сынак ары кызыктуу, ары  татаал болду. Сынактын акырында Ош  облусу боюнча  30  мугалим финалга чыкты. Натыйжада беш мугалимге диплом жана Түркияга жеӊилдетилген путевкалар берилди.

МУГАЛИМДЕРДИН САНАРИП КӨНДҮМДӨРҮН КУРЧУТКАН СЫНАК

Ал эми калган финалга чыккан ар бир катышуучуга  “Санарип мугалим” атайын төш белгиси жана “Республикалык сынактын катышуучусу»  сертификаттары тапшырылды.
Өзгөн районунан  сынакка катышкан үч мугалим, атап айтсак, Ботобеков мектебинен башталгыч класстар мугалими Арапбаева Токтайым диплом, жеӊилдетилген путевка, №32 Раимбек  Сатыбалды  уулу орто мектебинен башталгыч класстар мугалими Садырбекова Нургүл жана №38 Садык Эшматов орто  мектебинен Абдылдаева Айнура сертификаттар менен сыйланышты.
Башында  катталган  катышуучулардын  саны  менен акырына чейин келген сынактын  катышуучуларынын  зор айырмасы сынактын  канчалык  деӊгээлде татаалдыгын жана мугалимдин чыныгы санариптик дараметин көрсөтүүчү сынак болгондугун айгинелеп турат.

Улан Рыскулов

Бөлүшүү

Комментарийлер