ЭМГЕК АКЫ КӨБӨЙӨТ, ОКУТУУ СААТТАРЫ КЫСКАРБАЙТ (таблица)

  • 01.10.2019
  • 0

Билим берүү министрлиги окуу программалары жана негизги окуу планы менен бекитилген сааттардын санын кыскартпайт. Мектепке чейинки, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин окуу программалары да өзгөрбөй турганын билдирет.

1-октябрдан жалпы билим берүү мекемелериндеги бардык категориялар боюнча айлык акысы көтөрүлгөн кызматкерлердин саны:

— 74 709 жалпы билим берүү мекемелериндеги мугалимдер;

— 7 694 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары;

— 3 680 кесиптик билим берүү мекемелеринин кызматкерлери;

— 7 427 орто билим берүү кызматкерлери (коллеж);

— 23 339 билим берүүнүн башка кызматкери (бардык билим берүү уюмдарындагы административдик башкаруу персоналы, кошумча кружок өтүүчү мугалимдер, методистер, балдар үйлөрүнүн жана мектеп интернеттарынын тарбиячылары).

Ошондой эле өкмөттүн чечими менен китепканачылардын маянасы жана китепкана иши үчүн кошумча төлөмдөрү жогорулаган.

Жалпысынан билим берүү тармагындагы 120 000ге жакын кызматкердин айлыгы көтөрүлдү. Бул үчүн 2019-жылдын октябрь-декабрь айларына 1 742,5 млн сом керектелсе, 2020-жылга 6 969,6 млн сом сарпталат.

Билим берүү жана илим министрлиги мектептердеги кенже техникалык кызматкерлердин айлык акысы кыскартылбай турганын эскертет.

Билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысынын өзгөрүшү боюнча таблица

Уюмдун/кызматкердин аталышы билим даражасыазыркы маянасынын көлөмүмаянасы көтөрүлгөндөн кийиназыркы орто айлык акыадисти теңдештирүүнү эске алуу менен эмгек акыны 30%га көтөргөндөайырма +/ —
Мектепте аптасына 20 саат менен иштеген мугалим

(саатына айлык)

атайын орто607811 460,0014 898,003 438,00
бакалавр67,587,812 796,2016 635,103 838,90
дипломдуу адис67,597,512 796,2018 481,605 685,40
магистр7597,514 132,5018 372,304 239,80
Аптасына 36 сааттык жүктөм менен иштеген тарбиячы

(саатына айлык)

атайын орто57,674,912 281,4015 965,803 684,40
бакалавр6381,913 367,1017 377,204 010,10
дипломдуу адис6388,913 367,1018 871,705 504,60
магистр68,488,914 452,9018 788,804 335,90
Аптасына 30 сааттык жүктөм менен иштеген тарбиячы

(саатына айлык)

атайын орто49,464,210 336,6013 437,603 101,00
бакалавр54,67111 319,4014 715,203 395,80
дипломдуу адис54,67611 319,4015 760,004 440,60
магистр58,57613 529,9017 588,904 059,00
Аптасына 20 саатык жүктөм менен иштеген ийрим мугалимиатайын орто7500975010 673,5013 875,603 202,10
бакалавр82501072511 670,9015 172,203 501,30
дипломдуу адис82501170011 670,9016 552,904 882,00
магистр90001170012 668,2016 468,703 800,50
Кесиптик лицейде апатсына 40 саатык жүктөм менен иштеген өндүрүштүк билим берүү боюнча мастератайын орто675087759 676,2012 579,102 902,90
бакалавр7200936010 274,6013 357,003 082,40
дипломдуу адис72001072510 274,6015 307,105 032,50
магистр82501072511 670,9015 172,203 501,30
Орто кесиптик билим берүү уюмдарындагы окутуучуатайын орто5000650073499 553,702 204,70
бакалавр550071508013,910 418,102 404,20
дипломдуу адис550078008013,911 366,203 352,30
магистр600078008678,811 282,402 603,60
Методикалык жумушчулар (квалификация жогорулатуу борборлору, билим берүү институттары, методикалык кабинеттер)50006 5006 100   7 9301 830
Административдик-башкаруу персоналы780010 140951612 3712855
Бөлүшүү

Комментарийлер