МУГАЛИМДЕРДИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ КУРСТАРЫ

  • 24.09.2024
  • 0

Ош билим берүү институтунда 2024-2025-окуу жылына карата бекитилген жаңы графикке ылайык, мугалимдер үчүн кесиптик чеберчиликти жогорулатуу  курсу  башталды. Жаңы окуу жылында уюштурулуучу курстарда заманбап билим берүү технологиялары жана окутуунун жаңы ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулууда.

МУГАЛИМДЕРДИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ КУРСТАРЫ

Маалыматка ылайык, быйылкы окуу жылындагы курстардын программасында окутуу процессинде жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, мугалимдерге инновациялык ыкмаларды колдонууга жардам берген жасалма интеллект, Сингапур окуу усулдары боюнча лекциялар кошулган. Муну менен катар «Алтын казык» программасы да тааныштырылууда.

МУГАЛИМДЕРДИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ КУРСТАРЫ

Аталган институттун директору Гульмира Мамаевна билдиргендей, жаңы кошулган темалар боюнча кошумча лекциялар жана практикалык сабактар катышуучулардын тажрыйбасын кеңейтүү үчүн киргизилген. Анын айтымында курстарга катышкан мугалимдер билим берүү тармагындагы акыркы тренддер менен таанышып, сабактарында жаңы технологияларды пайдалана алышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер