МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПКӨЙЛҮГҮН ЖОГОРУЛАТУУ ДИСТАНТТЫК ЖОЛ МЕНЕН ИШКЕ АШУУДА

  • 18.10.2019
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо  республикалык институтунда мугалимдерди инновациялык окутуу үчүн беш компьютердик класс ачылды.

МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПКӨЙЛҮГҮН ЖОГОРУЛАТУУ ДИСТАНТТЫК ЖОЛ МЕНЕН ИШКЕ АШУУДА

Окутуунун жаңы дистанттык ыкмасы мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасын өзгөрттү. Эгер мурда мугалимдер эки жума лекция, семинарларды угуп, реферат жазышса, азыр педагогдор бир апта дистанттык түрдө окуп, экинчи жумасында Бишкекте практикадан өтөт. Окутуунун жыйынтыгында алар өз иштерин коргоп, электрондук тесттен өтүшөт.

Буга чейин курстардын тематикасы теориялык билимди өнүктүрүүгө багытталса, азыр окутуунун темалары мектеп, бала бакча боюнча практикалык жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган. Педагогдорго жаңы билим берүү да үйрөтүлүп, максат коюу технологиялары, өз ара интерактивдүү байланышуу, окутуунун заманбап технологияларын колдонуу боюнча практикалык жөндөмдөр үйрөтүлөт.

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун бул ыкмасы окуудан өткөн педагогдордун санын жылына 2000ден 8000ге чейин жеткире алат. Мындан сырткары дистанттык окутуу республикалык бюджеттен каржыланган мугалимдердин командировакалык чыгашасын эки эсеге азайтат.

МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПКӨЙЛҮГҮН ЖОГОРУЛАТУУ ДИСТАНТТЫК ЖОЛ МЕНЕН ИШКЕ АШУУДА

Институттун дистанттык окутуу платформасында беш онланй курс жайгаштырылган:

  • “Пландаштыруу жана стандарттар”;
  • “Баалоо”;
  • “Кыргызстандын мектептериндеги маалымат жана байланыш технологиялары”;
  • “Активдүү, интерактивдүү окутуу”;
  • “Мугалимдердин тынымсыз кесиптик өнүгүүсү”

Дистанттык окутуу бул жылы Чүй облусундагы мугалимдер үчүн уюштурулду. 2020-жылан тартып бул ыкма өлкөнүн бардык облустарында жүрүзүлө баштайт.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер