МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫН ЭСЕПТӨӨ АВТОМАТТАШТЫРЫЛАТ

  • 29.10.2019
  • 0

Өлкөнүн мектептеринде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде иштеген мугалимдердин жана кызматкерлердин эмгек акысын эсептөө толук автоматташтырылат. Учурда бул багытта даярдык иштери жүрүп, программалык камсыздоо үчүн техникалык талаптар иштелип чыкты.

Ноябрь айынан баштап бул система Ысык-Ата районунун, Түп районунун жана Жалал-Абад шаарынын билим берүү башкармалыктарында пилоттук негизде апробациядан өтөт. Ал эми өлкөбүздөгү ушуга тиешелүү бардык бухгалтерия кызматкерлери семинар-окуулардан өтүшөт.

2020-жылдын 1-январынан баштап республикадагы бардык мектептерде, бала бакчаларда, кесиптик лицейлерде, балдар чыгармачылык борборлорунда айлык акыларды берүү иши толук автоматташтырылат.

Айлык акыларды автоматташтырууга өткөрүү менен эмгек акыга каралган каражаттарды эффективдүү, максаттуу колдонууга шарт түзүлөт. Ошондой эле негизсиз маяна алып жүргөндөр ачыкка чыгат жана бухгалтердик эсепти так жүргүзүүгө жол ачылат. Тиешелүү текшерүү органдары берген кемчиликтер ордуна келет жана ар бир мугалим эмгегине жараша айлык акы алат. Бухгалтериялык ишмердүүлүк өркүндөтүлөт.

Октябрь айынан баштап мектептерде, бала бакчаларда, балдар чыгармачылык борборлорунда, баштапкы кесиптик-техникалык окуу жайларда иштеген мугалимдердин жана кызматкерлердин эмгек акысы 30% көбөйтүлдү. Ар бир мугалимге эмгек акысын жана кошумча маяналарын так жана туура, ачык-айкын эсептөө үчүн бардык билим берүү бөлүмдөрүндө кызуу иштер жүрүп жатат. Мугалимдер өздөрүнүн айлык акыларынын көбөйтүлүшү боюнча тиешелүү бухгалтериялардан тактап маалымат алышууда.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер