МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫ КӨБӨЙӨБҮ?

  • 20.02.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги берген сунуштардын негизинде республиканын жалпы орто билим берүү уюмдарында иштегендердин, анын ичинде мугалимдердин, техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлеринин, эмгек акысын жогорулатуу пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мындан тышкары окуучулардын көптүгүнөн көбүрөөк окуу жүктөмү менен иштөөгө аргасыз болгон мугалимдердин эмгегин баалоо жана аларга материалдык түрткү берүү максатында кошумча акы төлөө сунушталууда. Бул сунуш колдоо тапса, мындан окуучуларынын саны аз мугалимдер эч кандай жабыр тартышпайт, алар окуучуларынын саны азыраак болсо да, эмгек акысын толук көлөмдө алышат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө эл жыш отурукташкан калктуу пункттарда жайгашкан айрым мектептерде окуучулардын саны нормадан ашып кетип, мугалимдерге кошумча түйшүк артылууда.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер