«Улуттун авангарды» жана стратегиялык чечим

  • 11.03.2026
  • 0

Агартуу министрлиги билдиргендей,  КР президенти Садыр Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы азыркы деңгээлинен 100 пайызга жогорулайт.

"Улуттун авангарды" жана стратегиялык чечим

Бул чечим мугалимдердин коомдогу статусун жогорулатууга жана өлкөнүн өнүгүшүндө педагогдордун ролун жогору баалоого багытталган маанилүү мамлекеттик кадам болуп саналат. Ошону менен бирге бул мектеп тармагындагы заманбап жаңыланууга мамлекеттик саясатта эң жогорку деңгээлде стратегиялык маани берилип жатканынын кашкайган далили.

Министрлик эмгек акынын жогорулашы окуткан предметине карабастан бардык мугалимдерге бирдей тиешелүү болорун билдирүүдө.

"Улуттун авангарды" жана стратегиялык чечим
Ошондой эле социалдык тармакта STEM предметтеринин мугалимдеринин гана айлык акысы жогорулап, тарых, кыргыз тили, география сабактарын окуткан мугалимдердин айлыгы көбөйбөйт же бул предметтердин сааттары кыскартылат деген маалыматтар чындыкка дал келбейт.

Агартуу министрлиги мектептеги ар бир мугалим келечек муунду тарбиялоо аркылуу мамлекеттин стратегиялык миссиясын аткарып жатканын баса белгилөөдө.

Мындан сырткары, билим берүү тармагында көп жылдар бою жакшы көнүл бурулбай келген методисттердин дагы эмгек акысы 100 пайызга жогорулап, балким, андан да көп болушу  мүмкүн. Бул Кыргыз билим берүү академиясынын, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун методист мугалимдери, облустук билим берүү институттары менен усулдук борборлордун, райондук бөлүмдөрдө иштеген методист мугалимдер жөнүндө сөз болууда.

"Улуттун авангарды" жана стратегиялык чечим

 

Кыргызстанда мектеп тармагы 12 жылдык форматка өтүп, улуттук билим берүүнүн жаңы модели курулуп жаткан чакта, агартуучулардын эмгек акысы текши жогорулап жатканы реформалык заманбап жаңыланууга эң жогорку деңгээлде, стратегиялык эң чоң маани берилип жатканын билдирет.

«Президентибиз курултайда дагы баса белгилеп айтты өзүнүн демилгесин. Кыргызстандагы адам капиталын өнүктүрүү менен алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошууга багытталган “Алтын казык” программасы демилгесинин башында өзү тургандыгын айтты. Ошол эле учурда, мектепке мыкты мугалимдин келишине шарт түзүү үчүн айлыктарын жогорулатуу, социалдык колдоо, ипотека, мазмундук колдоо, санариптик колдоо, ноутбуктардын берилиши, китептердин чыгарылышы, бюджеттин кескин түрдө көбөйүшү бул тармакка мамлекеттик колдоонун айкын далили болуп эсептелет»,-дейт агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева.

"Улуттун авангарды" жана стратегиялык чечим

Билим берүү тармагында башталган заманбап жаңылануу, түзүмдүк жана мазмундук өзгөрүүлөр стратегиялык мааниге ээ экенин коомчулук жакшы түшүнүшү керек. Бул кыргыз мамлекетинин, эгемендиктин, элибиздин эртеңки тагдыры бүгүнкү мектептен чечилип жатат деген сөз. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басарыы Эдил Байсалов дагы бир нече жолу айтты.

«Мектеп реформасы – бул жөн гана билим берүү реформасы эмес, бул цивилизациялык реформа. Бул реформа жыйырма, отуз жылдан кийин биздин жарандар кандай болорун, коом кандай болорун, мамлекет кандай болорун аныктайт. Ал кесиптик көндүмдөрдү гана эмес, жарандык жетилгендикти, жоопкерчиликти, кызматташтык менен ишенимге жараган сапаттарды калыптандырат», -деген эле Эдил Байсалов декабрда жыл жыйынтыгы талкууланган кеңешмеде.

«Кыргызстандын келечеги кабинеттерден жана стратегиялардан башталбайт. Ал мектептен – класстан башталат. Ал класстын жүрөгү – мугалим».

«Кыргыз Республикасынын Президенти мугалимдерди улуттун авангарды деп атаганы бекеринен эмес. Бул аныктамада ашыра айтылган эч нерсе жок. Мугалимдер коомдун өнүгүүсүнүн алдыңкы сабы болуп келген жана боло берет. Дал мектеп аркылуу улут жаңы доорду, жаңы маанилерди жана заманбап талаптарды өздөштүрөт».

Бурулкан КЕНЖЕБЕКОВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер