МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕГИ БААЛАНДЫ

  • 28.08.2024
  • 0
Баткен шаарындагы билим берүү кызматкерлеринин “Билим берүүгө 100 жыл: Трансформация, чакырыктар жана горизонттор” деген темада август кеңешмеси болуп өттү.
МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕГИ БААЛАНДЫ

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Курсанали Аззамжанович мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, 2023-2024-окуу жылындагы шаардык билим берүү тармагында бир катар алгылыктуу иштер аткарылганы боюнча доклад жасады.

2024-2025-окуу жылында ийгиликтерди жараткан, сапаттуу билим берүүдө үзүрлүү эмгеги үчүн жетекчилерге, мугалимдерге жана тарбиячыларга Баткен шаарынын мэриясынын, облустук билим берүү усулдук борборунун, шаардык билим берүү бөлүмүнүн, Баткен шаардык билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  Ардак грамоталары, акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Ошондой эле жалпы билим берүүчү орто мектептер жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгүн чагылдырган роликтер көргөзүлүп, колго жасалган көргөзмөлөр коюлду.

№4 мектеп-гимназиясынын окуучулары мугалимдерди бүгүнкү майрамы менен куттуктап, концерттик программа тартуулашты.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер