МУГАЛИМДЕРДИН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЧАБЫТЫН КӨКӨЛӨТКӨН СЫНАК

  • 24.04.2025
  • 0

Санжарбек Данияровдун коомдук фондунун “Биринчи мугалим” сынагынын лауреаттары аныкталды. И.Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академиясынын жыйындар залында өткөн сынактын экинчи туруна республикабыздын булуң-бурчтарынан катышуучулар, алардын күйөрмандары келишти.

Коомдук фонддун негиздөөчүсү жана директору Асель Даниярованын айтымында быйыл 13-жолу өткөрүлүп жаткан “Биринчи мугалим” сынагынын биринчи туруна жалпысынан 239 дилбаян келип түшкөн. Сынактын жобосуна шайкештиги жана плагиатка текшерилгенден кийин 203 дилбаян кабыл алынган.

— Сынактын темасы ар жылы ар түрдүү, биз ар дайым мугалимдердин назарын бура турган жана биздин коомдогу мугалимдин ролун терең түшүнүүгө түрткү берген маанилүү темаларды камтууга аракеттенебиз. Биздин мугалимдер – мектеп босогосун жаңы аттаган жан дүйнөсү ачык жана аппак кагаздай таза окуучуларынын биринчи мугалими. Башкача айтканда, биздин мугалимдер — Чыңгыз Айтматовдун повестинин каармандары десек да болот. Түпкү максатыбыз – элет жериндеги мектептерде эмгектенген башталгыч класс мугалимдеринин билим куржунун толуктоого көмөктөшүү. “Биринчи мугалим” аталып баш байге алган мугалим дүйнө жүзүндөгү борбор шаарлардын бирине 7-10 күндүк маалымат арттыруучу саякаткатка барат. Сынактын үч лауреаты тең классындагы окуучулары менен бирге дем алыш күндөрү Бишкек шаарына маданий-маалымат арттыруучу саякатка келет, — дейт Асель Санжарбековна.

Билим берүү жана илим министрлигинин макулдугу менен өткөрүлүп келаткан сынакка Ысык-Көлдөн — 107 мугалим, Баткен облусунан — 28 мугалим, Чүй облусунан – 14 мугалим, Ош облусунан – 8 жана Таластан 6 мугалим катышкан.

Калыстар тобунун баалоосу боюнча финалга 160 упайдан 164 упайга чейин алган 7 катышуучу чыккан.

“Атын атасаң, куту сүйүнөт” демекчи, финалисттердин ысымдарын атай кетели. Алар:  Кара-Суу районунун Бөрү айылындагы №90 А.Саипов атындагы орто мектептин мугалими Жылдызкан Максытова (ал быйыл 3-жолу катышты); Түп районунун Корумду айылындагы М.Темиров атындагы орто мектептин мугалими Айнура Асаналиева (экинчи жолку катышуучу); Ак-Суу районунун Эңилчек айылындагы мектептин мугалими Айгүл Чолпонбаева (ал быйыл бешинчи жолу катышты); Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы Н.Лященко атындагы мектептин мугалими Гүлжамал Минбаева; Түп районунун Талды-Суу айылындагы М.Элебаев атындагы №10 мектептин мугалими Айнура Аширова (бул мугалим да бешинчи жолу катышты); Баткен районунун Кара-Булак айылындагы С.Эрматов атындагы мектептин мугалими Ибрахим кызы Моолида (экинчи жолу катышты) жана биринчи жолу катышкан Лейлек районунун Чымкен айылындагы Т.Жапаров атындагы мектептин мугалими Нурайым Нурманова биринчилик үчүн таймашты.

Катышуучулардын айтымында сынактын темасы көпчүлүк үчүн күтүүсүз болгон. Чындыгында күнүмдүк турмушта көп кезигип, кай бирде көнүмүш болуп калган терс адаттардын бири “Мектеп окуучуларынын сөгүнгөн адаттарына мугалимдердин мамилеси” деп аталган быйылкы тема мугалимдерди бул көйгөйгө тереңирээк ой жүгүртүүгө түрткү берген. Алардын көпчүлүгү сынактын темасын окугандан кийин дароо классындагы окуучуларга ушул теманы талдаган ачык сабактарды өтүшкөнүн, ата-энелер катышкан жыйналыштарда талкуулашканын билдиришти. Ырасында эле бул адатты оозеки айтып жана талкуулап жоюуга болбой турганын, ага каршы аракеттерди үй-бүлөдөн баштап, мектепте жана коомчулукта бирдиктүү иреттүү көрүү керектигин баса белгилешти.

“Биринчи мугалим” сынагынын калыстар тобунун мүчөсү Гүлнара Ибраимова дилбаяндарды текшергенден кийинки ой-пикири менен мындайча бөлүштү.

— Бул сынактын жылдан-жылга географиясы, шарттары, мазмуну жана катышуучулардын сынакка болгон мамилеси кеңейип, өнүгүп-өсүп жатканын белгилегим келет. Мында командалык-админстративдик мамиле байкалбайт, мугалимдердин чыгармачылык чабыты, тазалыгы, принципиалдуулугу, адилеттүүлүк, калыстык өкүм сүргөнүн көрүүгө болот. Айрыкча жеңүүчүнү аныктаган экинчи турдун мыкты уюштурулганын баса белгилеп кетким келет. Бул жерде үстүртөдөн баалоого же “бармак-басты көз кысты” мамиле жасоого такыр мүмкүн эмес. Жалпы катышуучулардын, күйөрмандардын алдында ачык-айкын баалап, жеңүүчүлөр элдин алдында аныкталгандыгы – сынактын негизги өзгөчөлүгү деп эсептейм. Жеңүүчүлөргө ыйгарылган сыйлыктардын да өзгөчөлүктөрүн белгилебей кетсем болбос, анткени, жеңүүчү мугалимдер окуучулары менен борборго келип тарыхый жерлерди көрөт, көп нерсени билет, үйрөнөт дегендей. “Биринчи мугалим” наамын жеңип алган мугалим ал тургай Москвага чейин барып, билим куржунун байытып, эл көрүп, жер көрүп дүйнө таанымын кеңейтип келгени кандай сонун!

Мугалимдер изденип, дилгирленип бири-биринен угуп катышып жатканы мени сүйүндүрөт. Ошол эле учурда каалоо-тилегимди, бир катар сунуштарымды билдирип кетким келет. Мугалим үчүн сабаттуулук биринчи орунда турат эмеспи, тилеккек каршы, дилбаяндарды текшерүүдө мен чыгармачылык ой жүгүртүү менен изденип жазган дилбаяндар менен катар эле стилистикалык, орфографиялык, жада калса грамматикалык каталар орун алганына күбө болдум. Ал каталар көп нерсени жууп кетип жаткандай. Балким кийинки дилбаяндардын бирине “Мугалим үчүн сабаттуулуктун орду” же “Сабаттуулук жана мугалим” деген сыяктуу тема белгилесек болчудай, балким ошондо сабаттуулук жөнүндө жазганда аяр мамиле жасашат беле деп ойлойм. Ар бир мугалим сабаттуулукка өтө терең маани берип, кылдат мамиле жасоого тийиш. Айрыкча билим фундаменти түптөлгөн башталгыч класс мугалимдеринин кулагына күмүш сырга! Катарыбызда окуучуларды терең билимге сугарган чыныгы биринчи мугалимдер көп болушун каалайм. Айрыкча коомдук фондунун жетекчиси Асель Даниярованын опол тоодой эмгегин баса белгилегим келет. Сынактын ой чабыты өсүп, келечеги кең боло берсин, — дейт Г.Ибраимова.

Жогоруда белгиленгендей, бул сынакка бир нече жолу катышкан катышуучулар арбын. Алардын бири Бактыгүл Ташкенова Ысык-Көл районуна караштуу Сары-Камыш айылындагы М.Норузбаев атындагы мектепте 38 жыл мугалим болуп иштеген жана андан тышкары райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти.

— Мен сынак адегенде Чүй облусу үчүн гана уюштурганда, ушул сынак республикалык деңгээлде өткөрүлсө, мен да катышсам деп тилек кылып койдум эле. Айткандай эле республикалык деңгээлдеги популярдуу сынак катары кеңири кулач жайып жумурай-журтка таанымал болгонуна кубанычтамын. Мен үч-төрт ирет дилбаян жазып катышкан элем. 11-жолу өткөн сынакта “Урмат” белгиси сыйлыгынын ээси болсом, быйылкы сынакта калыстар тобунун мүчөсү болдум. Дилбаяндарды баалоодо мугалимдердин деңгээли айкын көрүндү десем болот. Изилдөө жүргүзүп, адабияттарды окуп, изденип жазган мугалимдер менен катар эле бир жерден көчүрүп алгандар да жок эмес. Мен жеке өзүм үчүн пайдалуу жыйынтыктарды алдым, мисалы, изилдөө жүргүзүү аркылуу практикага таянып өзү аткарган ишмердүүлүгүнүн негизинде жыйынтык чыгарса болот экен. Мурда мен башка бирөөнүн көз карашындай, сунуш катары кабыл алчумун. Көрсө, теманы ачууда практика жүзүндө ошол теманы иштеп чыгып, тажрыйба топтоп, анан гана жыйынтык чыгаруу керек экен. Мугалимдер сынактын темасын ачып берүү үчүн изденип иштеп, өздөрүнүн ишине пайдалуу көптөгөн маалыматтарды тапканын байкадым, — дейт.

Ошентип, сынакка көгүлтүр көлдөн тарта баатыр Баткенден бери келген катышуучулардын билим таймашында күйөрмандардын көз кырында калыстардын калыс баасын алган “Биринчи мугалим” даражасынын ээси Түп районунун Талды-Суу айылындагы М.Элебаев атындагы №10 мектептин мугалими Айнура Аширова болду.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин макулдугу менен өткөрүлүп, жогоруда айтылгандай жылдан жылга кеңири кулач жайып келаткан сынактын 2024-2025-окуу жылындагы жеңүүчүсү Москва шаарына 10 күндүк саякатка баргандан тышкары, экинчи орунга озуп чыккан Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы Н.Лященко атындагы мектептин мугалими Гүлжамал Минбаева жана үчүнчү орунду ээлеген Лейлек районунун Чымкен айылындагы Т.Жапаров атындагы мектептин мугалими Нурайым Нурманова менен бирге класстагы окуучуларынын коштоосунда Бишкек шаарына экскурсияга келмекчи.

“Биринчи мугалим” сынагынын катышуучуларына жана күйөрмандарына жылдагыдай эле музыкалык белек тартууланды. Бул жолу мугалимдерге музыкалык жагымдуу белекти саксофончу Асылбек Жусупжанов жана белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков тартуулады. Анан албетте, катышуучулар да, калыстар тобу да көп жылдан бери сынактын алып баруучусу катары такшалып таанылып калган Таалайбек Мырзабаевдин эмгегине абдан ыраазы болушту.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер