МУГАЛИМДЕРДИН АЙЛЫГЫНДАГЫ АЙЫРМА КЫСКАРТЫЛАТ

  • 07.04.2026
  • 0

Кыргызстанда бюджеттик тармакта иштеген кызматкерлердин эмгек акысы 2026-жылдын 1-апрелинен тарта жогорулайт. Тиешелүү Жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койгон. Документ эмгек акы системасын тартипке келтирүүгө жана бюджеттик кызматкерлердин социалдык абалын жакшыртууга багытталган.

Жаңы чечимге ылайык, президенттик компенсациялык төлөм киргизилет. Анын негизинде билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, маалымат жана спорт, социалдык коргоо тармактарында иштеген кызматкерлерге бир ставкасына кошумча 15 миң сомдон төлөнөт. Ал эми техникалык жана кенже тейлөөчү персонал, ошондой эле күч түзүмдөрүндөгү жарандык кызматкерлер үчүн 5 миң сом өлчөмүндө компенсация каралган.

Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле мугалимдерден түшкөн көп сандаган кайрылууларды эске алуу менен Агартуу министрлигинде Каржы министрлигинин өкүлдөрү катышкан атайын жыйын өтүп, анда мугалимдердин эмгек акысы жана коэффициент маселеси кеңири талкууланды.

Жыйындын негизги жыйынтыгы — бардык мугалимдер үчүн бирдей коэффициент колдонуу жөнүндө сунуш болду. Ошол эле учурда мугалимдин маянасы коэффициенттен тышкары бир катар факторлорго — эмгек стажына, квалификациялык категориясына, наамына жана иш тажрыйбасына жараша аныкталат. Демек, жаңы иш баштаган мугалим менен көп жылдык тажрыйбасы бар адистин айлыгынын айырмасы сакталат.

Мындан тышкары, аймактык өзгөчөлүктөр да эске алынат. Бийик тоолуу аймактарда иштеген мугалимдер үчүн кошумча төлөмдөр мурдагыдай эле берилет. Ошол эле учурда Агартуу министрлиги техникалык жана инженердик билим берүүнү өнүктүрүү максатында STEM мугалимдерине өзүнчө стимул берүүчү механизмдерди иштеп чыгууну карап жатат.

МУГАЛИМДЕРДИН АЙЛЫГЫНДАГЫ АЙЫРМА КЫСКАРТЫЛАТ

Агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдиргендей, 2022-жылы кабыл алынган чечим STEM мугалимдерин көбөйтүү максатын көздөгөн. Бирок азыркы этапта эмгек акыны жогорулатуу бардык мугалимдерди камтып, предметке карата бөлүнбөйт.

Анын айтымында, өкмөт мугалимдердин эмгек акысын 100 пайызга чейин жогорулатуу милдетин коюп, учурда Каржы министрлиги менен биргеликте тиешелүү долбоорду иштеп жатат. Бул чаралар мугалимдердин ортосундагы айлык айырмачылыкты кыскартууга багытталган.

Депутаттар да бул маселеге көңүл буруп, мугалимдер кайсы предметти окутпасын, алардын эмгеги бирдей бааланышы керектигин белгилешүүдө. Ошол эле учурда айлыктагы айырмачылыктар кошумча төлөмдөрдөн, жүктөмдөн жана эмгек стажынан улам пайда болуп жатканын адистер айтышат.

Мисалы, башталгыч класстардын мугалимдеринин максималдуу жүктөмү 16 саат менен чектелсе, жогорку класстарда бул көрсөткүч көбүрөөк болушу мүмкүн. Бул да эмгек акыдагы айырмачылыктын себептеринин бири болуп саналат.

Жыйынтыктап айтканда, жаңы Жарлык жана даярдалып жаткан өзгөрүүлөр мугалимдердин эмгек акысын бир системага келтирүүгө, коэффициенттердеги айырмачылыктарды жоюуга жана социалдык абалын этап-этабы менен жакшыртууга багытталган. Ошол эле учурда толук теңдөө эмес, адилеттүү баланс табуу негизги максат болуп калууда.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер