МУГАЛИМДЕРДИН АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ 7-СЕНТЯБРДА БОЛОТ

  • 18.08.2021
  • 0

Мугалимдердин август кеңешмеси 7-сентябрда өтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, кеңешмеде өткөн окуу жылынын, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыгарылып, пландар талкууланат.

Белгилей кетсек, буга чейин кеңешме жыл сайын август айынын аяк ченинде өтүп келген.

Бөлүшүү

Комментарийлер