МУГАЛИМДЕРДИН АЙЛЫГЫ 30 ПАЙЫЗГА КӨТӨРҮЛДҮ

  • 30.09.2019
  • 0

МУГАЛИМДЕРДИН АЙЛЫГЫ 30 ПАЙЫЗГА КӨТӨРҮЛДҮБүгүн КР Премьер-министри М.Абылгазиев мугалимдердин эмгек акысын 30 пайызга жогорулатуу жөнүндөгү токтомго кол койду. Буга байланыштуу “Кабар” Кыргыз Улуттук маалымат агенттигинде маалымат жыйыны болуп өттү.

Маалымат жыйынына КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Н.Жусупбекова, КР Финансы министринин орун басары У.Кармышаков, Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансы анализи башкармалыгынын башчысы А.Баймуратов, ошол эле башкармалыктын башкы адиси С.Асанов катышып, журналисттерге кеңири маалымат беришти.

-Мурдагы 2015- жылда билим берүү тармагынын айрым гана категорияларынын айлыгы көтөрүлсө, быйыл билим берүү тармагынын бардык системасынын айлыгы көтөрүлдү. Жалпы чыгым 1млрд.742 млн. 482 млн. сомду түзөт. Бул жагынан бюджеттин тартыштыгы болбойт. Атап айтканда бул тармакта иштеген 120 миңден ашуун мугалимдер эми 30 пайызга жогорулатылган айлыкты алып башташат, -деди У.Кармышаков.

-Мектептен бала бакчага чейин жана интернаттардан орто кесиптик окуу жайларынын мугалимдеринин эмгек маяналары 30 пайызга көтөрүлүп жатат. Дагы бир айта кетчү жагдай, мурда СССР убагындагы дипломдуу мугалим адиси азыркы магистрден аз айлык төлөнчү. Тактап айтканда магистрге саатына 75 сом төлөнсө, мурдагы дипломдуу адиске 67,5 сом төлөнүп келген. Эми бул адилетсиздик жоюлуп, экөөнө тең көбөйтүлүп, саатына 97,5 сом төлөнөт. Албетте, айлыктын жогорулашы менен билимдин сапатын, жоопкерчиликти көтөрүүдө министрлик бир катар иштерди жүргүзүп жатат,- деди Н.Жусупбекова өз сөзүндө.

Н.Жусупбекова ошондой эле  мугалимдердин айлыгы алардын сааттык жүктөмүнө да байланыштуу болорун эске салды.

-Ал эми бийик тоолуу айылдарда иштеген мугалимдердин айлыгы кошумча төлөмдөрүнө жараша мурда 22453 сом алып келишсе, эми алар 32432 сом алышат. Тактап айтканда 9979 сом кошулат. Айрым жерлерде 30 пайыздан да көбүрөөк, 30,4 пайызга чейин төлөнүп калат,- -деп кошумчалады У.Кармышаков.

Майрамбек Токторов, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер