МУГАЛИМДЕРДИ ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯЛОО, МЕКТЕП ДИРЕКТОРУНУН СЫНАГЫНА ДАЯРДЫК БОЮНЧА ОКУТУУ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

  • 20.03.2024
  • 0

2024-жылдын 13-мартынан 19-мартына чейин Ош шаарында жана Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарында аймактык ыйгарым билим берүү органдарынын жетекчилери, адистери жана мектеп директорлору үчүн мектеп директорун тандоо конкурсун өткөрүү механизмдери, мугалимдерди ыктыярдуу аттестациялоонун жол-жоболору боюнча методикалык окутуулар өткөрүлдү.

МУГАЛИМДЕРДИ ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯЛОО, МЕКТЕП ДИРЕКТОРУНУН СЫНАГЫНА ДАЯРДЫК БОЮНЧА ОКУТУУ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

 

Маалыматка караганда, окутууларды Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова жана Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологияларынын улуттук борборунун өкүлү Самара Умралиева өттү.

МУГАЛИМДЕРДИ ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯЛОО, МЕКТЕП ДИРЕКТОРУНУН СЫНАГЫНА ДАЯРДЫК БОЮНЧА ОКУТУУ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

МУГАЛИМДЕРДИ ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯЛОО, МЕКТЕП ДИРЕКТОРУНУН СЫНАГЫНА ДАЯРДЫК БОЮНЧА ОКУТУУ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

— Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү Талас облусундагы мектеп директорлорго усулдук жардам көрсөтүштү жана директорлук орунга талапкерлерге  маалымат  берилди. Документация иштери боюнча тренинг  өткөрүштү. Райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн  башчылары, усулчулар жана директорлор катышты.Тренинг онлайн жана офлайн форматында Талас билим берүү усулдук борбору  тарабынан уюштурулду.   Тренингге жалпы 100 директор катышты, — дейт Талас билим берүү усулдук борборунун жетекчиси Салтанат Бейшенова.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер