МУГАЛИМДЕРДИ ПРЕДМЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТТАРЫНА ОКУТУУ БОЮНЧА ТРЕНИНГДЕР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

  • 31.03.2021
  • 0

29-марттан 31-мартка чейин Билим берүү жана илим министрлиги 7-11-класстардын мугалимдерине математика багытындагы жана табигый-илимий билим берүү жаатындагы предметтик стандарттарга окутуу боюнча тренингдердин кезектеги циклин өткөрүүдө. Тренингдер санитардык эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен салттуу түрдөгү оффлайн режимде жүргүзүлүүдө.  

Мугалимдер тренингдерде Мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптары, негизги жана башкы компетенциялар жана алардын жетишүү деңгээлдери, предметтик стандарт менен сабактын планынын өз ара байланышы, ошондой эле сабактарда колдонулуучу методдор жана ыкмалар менен таанышып жатышат.

МУГАЛИМДЕРДИ ПРЕДМЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТТАРЫНА ОКУТУУ БОЮНЧА ТРЕНИНГДЕР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

Тренингдерге Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй областтарынын математика, физика, химия, биология жана география мугалимдери катышууда.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын ичинде предметтик стандарттар боюнча тренингдер онлайн форматында өткөрүлдү. Жалпысынан өлкөнүн бардык аймактарынан 10 миңдей 7-11-класстардын предметтик мугалимдерин 2018-2021-жылдар аралыгында предметтик билим берүү стандарттары боюнча окутуу пландалууда.

Тренингдерди техникалык жана финансылык жактан колдоо Азия өнүктүрүү банкы каржылаган “Секторду өнүктүрүү программасы: билим берүү системасын чыңдоо” долбоорунун алкагында жүзөгө ашырылууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер