МУГАЛИМДЕР ЖАТ ЖАЗУУ ЖАЗДЫ
- 09.02.2023
- 0
Панфилов районундагы В.В. Казаченко атындагы №1 Кайыңды мектеп-лицейинде педагогдор жат жазуудан өтүштү. Ал 21-февралда белгиленүүчү “Эне тили эл аралык күнүнө” карата уюштурулуп, сабаттуу жазуу көндүмдөрүн жайылтуу максатын камтыды.
Райондун билим берүү бөлүмүнөн билдиргендей, методикалык кабинет даярдаган иш-чарага кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринен тышкаркы башка предметтик 17 мугалим философиялык стилдеги “Мүнүшкөр”, “Алхимиктер”, “21-февраль – Эне тилинин эл аралык күнү” темаларында жат жазуу жазды. Ал мугалимдердин жат жазуусун райондук кыргыз тили жана адабияты предметинин усул жетекчилери Н.Кошалиева, Н.Молдобекова текшерип, ар бирине тиешелүү бааларды койду.
Иш-чаранын алкагында мугалимдер эне тилдин эл аралык күнүнө байланышкан маалыматтар менен жакындан таанышты.
А.Кашыбаева,
“Кут Билим”
Комментарийлер