МУГАЛИМДЕР МЕНЕН БАЙЛАНЫШ КҮЧӨТҮЛДҮ

  • 24.04.2020
  • 0

Ош билим берүү институту өзгөчө кырдаал киргизилген алгачкы күндөн баштап эле иштөөнүн дистанттык формасына өтүп, ишин үзгүлтүккө учуратпай улантып келүүдө. ОшБИнин директору Г.Турдубаева тарабынан институттун жыйындары «Zoom» тиркемеси менен видеоконференция түрүндө өткөрүлүп, протоколдук тапшырмалар институттун “ОшИО”, “ОшИО дистант” WhatsApp группалары жана электрондук почталар аркылуу берилүүдө.

МУГАЛИМДЕР МЕНЕН БАЙЛАНЫШ КҮЧӨТҮЛДҮ

Ош билим берүү институтунун директорунун орун басары Асида Бабакулованын берген маалыматына таянсак, Билим берүү жана илим министрлигинен, РИПК и ПКдан келген маалыматтар да аралыктан институттун кызматкерлерине жеткирилүүдө.

МУГАЛИМДЕР МЕНЕН БАЙЛАНЫШ КҮЧӨТҮЛДҮ

— Ал эми райондук билим берүү бөлүмдөрүнө, жалпы эле облусубуздун мугалимдерине бул маалыматтар өз багыттары боюнча жооптуу кызматкерлер тарабынан байланыштын түрдүү дистанттык формалары менен жиберилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, усулдук жардамдар көрсөтүлүүдө. Учурдагы эң зарыл болгон маселелердин бири, окуучулар менен кайтарым байланыштарды жүргүзүү маселеси боюнча да директорубуз Гүлмира Мамаевна тарабынан усулдук сунуштарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. Кабинет башчылары, усулчулар тарабынан өз предметтери боюнча усулдук сунуштар иштелип чыгып, облусубуздун бардык мугалимдерине жеткирилүүдө, — дейт А.Бабакулова.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер