МУГАЛИМДЕР КӨЧӨТ ТИКТИ

  • 28.03.2022
  • 0

Аксы районуна караштуу №5 Асанбек Кабаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин айлана-тегерегине Авлетим токой чарбасында өстүрүлгөн карагайдын көчөттөрү отургузулду.

Мектеп тегерегине мындан сырткары терек, кайың, арчанын жаңы көчөттөрүн отургузуу да пландаштырылууда.
Ар жуманын аягында мектепте ишембилик уюштурулуп, арыктар казылып, бак-дарактарды бутоо иштери жүргүзүлүп жатат.

МУГАЛИМДЕР КӨЧӨТ ТИКТИ

Мектеп жамааты жашылдандыруу иштерине жакындан жардам көрсөткөн Авлетим токой чарбасынын жетекчилигине ыраазычылыгын билдиришип, мындай саамалыктар мындан ары да улана берерин белгилешти.

Шамшарбек АБДЫЖАПАРОВ,
Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер