МУГАЛИМДЕР ҮЙ КЫДЫРБАЙ, БАЛА ОКУТУШУ КЕРЕК

  • 14.02.2019
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектепке чейинки жана мектептен  тышкаркы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин кесиптик ишмердүүлүгү менен байланышпаган айыл чарба жана башка иштерге катыштырууга тыюу салынсын деген буйругу чыкты.

МУГАЛИМДЕР ҮЙ КЫДЫРБАЙ, БАЛА ОКУТУШУ КЕРЕК

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектепке чейин жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Самара Умралиеванын айтымында, министрликтин дарегине мугалимдер коомчулугу тарабынан алардын кызматтык милдеттерине кирбеген түрдүү иш-чараларга тартуу тууралуу көптөгөн кайрылуулар түшкөн. Андай кайрылуулар социалдык тармактарда да орун алган. Ошонун негизинде “Мугалимдин макамы жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып, педагогикалык кызматкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана билим берүү сапатын жогорулатуу максатында чыккан буйрукка билим министри Гүлмира Кудайбердиева кол койду жана анын аткарылышын көзөмөлдөөнү ал өз мойнуна алды.

  • “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамда мугалимдин негизги талаптары, милдеттери жазылса, “Мугалимдин макамы” мыйзамынын 6-беренесинде да так жазылган: “ … Жалпы билим берүүчү мектептердин, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин мугалимдерин, алардын кесиптик ишине байланышпаган айыл чарба жана башка жумуштарга тартууга жол берилбейт”, — деп. Бирок жергиликтүү бийликтегилер эмнегедир бардык иш-чараларга мугалимдерди пайдаланган адат таап алышкан. Бизден тышкары бир топ маалымат каражаттарына мугалимдер кайрылышкан, алардын милдетине кирбеген, тиешеси жок иштерге жергиликтүү бийлик жөнөтүп жатканын кабарлашкан. Сабак учурунда алар үймө үй кыдырып,  афган согушуна катышкандардын үй-бүлөсү канча, мигранттардын баласы канча ж.б.у.с. тизмени тактоо менен алагды болушкан. Ошонун негизинде министрлик тарабынан буйрук чыкты. Дагы бир мугалимдерди түйшөлткөн суроо, шайлоо кампаниясы. Эгерде мугалим шайлоо кампаниясы  учурунда кандайдыр бир участокто комиссиянын мүчөсү болсо, анда ал ошол мүчөсү катары милдетин аткарат. Бирок мугалимдерди үйлөрдү кыдырууга,  ар кандай баракчаларды таратууга, шайлоочуларды үндөөгө жол берилбейт. Бул биринчи кезекте билим берүү процессине терс тааасирин тийгизет.  Мугалимдин өзүнүн берчү 4-5 сааты бар, андан сырткары ал сабакка даярданышы керек. Мугалимдин милдети – сапаттуу сабак берүү, тарбия иштерин жүргүзүү, — дейт Самара Умралиева.

Маалым болгондой, министрдин буйругу менен түзүлгөн жумушчу тайпа “Мугалимдин макамы” жана «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга тиешелүү толуктоолорду даярдап жатат.

Мындан сырткары  мугалимдер окуучулардын санын тактоо үчүн (всеобуч) айыл эле жеринде эмес, борбор калаада дагы советтик мезгилден бери эле үймө-үй кыдырып жүргөндөрү баарыбызга маалым.

  • Бул иш-чара деле мугалимдердин милдетине кирбейт. “Билим берүү жөнүңдөгү” мыйзамда так эле жазылып турат. Айыл өкмөтү балдардын санын эсептөөдө ошол социалдык тармакта иштеген кызматкерлер менен бирге үйлөрдү кыдырып, январь – май — август айларында эсебин  алат. Бирок мектеп менен биргеликте деген жери бар. Мыйзамда, бирок,  “мугалим барсын, кыдырсын” деген сөз жок. Болгону мектеп айыл өкмөтү алып келген тизмени алып, өзү менен салыштырып, анан айтат бул бала мектепте окуйт же окубайт деп. Ошондуктан бул мугалимдин иши эмес, — дейт Самара Кыдырмаевна.

Окурмандардын эсине сала кетсек, буга чейин маалымат каражаттарында Аламүдүн районунун Чыгыш айылындагы мектептин мугалимдерин жергиликтүү бийликтегилер дайыма короо кыдыртып, райондун тургундары тууралуу маалыматтарды чогултууга мажбурлап жатышканына нааразы болуп кайрылышкан эле. Ошондой эле  Ысык-Көл облусунун Түп районундагы билим берүү бөлүмү мектеп мугалимдерин бардык үйдү кыдырып чыгууга мажбурлашканы тууралуу нааразычылыктар маалымат каражаттарында жарыяланган болчу.

Аты-жөнүн жазбаган мугалим WhatsApp аркылуу райондук билим берүү бөлүмүнөн директорлорго жиберилген аудиожаздырууну жөнөткөнгө үлгүргөн. Анын айтымында, мугалимдерге ар бир үйдү кыдырып чыгууга буйрук беришкен.

  • Силер мигранттардын эле эмес, бардык үйлөрдү кыдырышыңар керек. 0 жаштан 7 жашка чейинки балдардын тизмесин түзүшүңөр керек. Август, май, январда каттоо жүргүзөсүңөр го, ошол эле формада толтургула. Ар бир үйгө баргыла, бир да үйдү калтырып кетпегиле. Метептик курактагы балдар жөнүндө бардык маалыматтарды чогулткула, 10-11-класстарда окубагандар тууралуу дагы. Эгер алар университетте, колледжде окушса, ошол тууралуу да жазгыла. Андан кийин силер ошол колледжге барып, маалымат алышыңар зарыл. Же алар WhatsApp аркылуу жөнөтүшсүн. Биз окууну таштап салгандар жөнүндө да маалымат топтогула деп айтпадык беле. А азыр болсо 16 үй кыдырдык деп берип жатасыңар. Ар бир үйгө барыш керек, — деп мугалимдерге буйрук берилген.

Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Адыл Такаев мугалимдердин билдирүүсү жөнүндө  да өз пикирин билдирген. Анын айтымында, бул кадимки эле 0 жаштан 18 жашка чейинки балдарды январдык каттоого алуу, ал жыл сайын мектептин аймагында жүргүзүлөт.

  • Бизди мажбурлап жатат деген туура эмес. Жыл сайын биз мектепке чейинки жана мектептик курактагы балдарды каттоого алабыз. Муну өлкөдөгү бардык мектептер жасайт. Бардык мектептерде кыдыра турган аймактар бар. Жергиликтүү бийлик органдары да каттоого алышат. Бирок бизде өзүбүздүн атайын отчетторубуз бар. Биз муну менен совет учурунан бери эле алектенебиз. Бул тууралуу өкмөттүн токтому бар, — деген Адыл Такаев Акипресске берген маалыматында.

Буйруктун чыкканы мугалимдерге майдай эле жакты. Алыскы Чаткалдагы Сумсар орто мектебинин англис тили мугалими Жаңыл Момунованын айтымында, мугалимдик оор түйшүктү аркалаган эл агартуучулардын бүгүнкү күндөгү кагаз иштеринин көптүгүнөн улам башка жумуштарга тыюу салынгандыгы абдан туура болду.

  • Себеби мугалим мектептеги жумушунан сырткары ды үйүндө эртеңки сабакка изденүү менен план түзүү, жаңы ыкмаларды үйрөнүү, т.а. күн боюу кагаз менен алектенүүсүнөн улам, башка жумуштарга чамасы да келбейт, — дейт элеттик мугалим.

Ошентин министрликтин буйругунда, педагогикалык кызматкерлерди алардын кызмат милдеттерине кирбеген иш-чараларга тартууга жол бербөө максатында жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен билим берүү башкармалыктарынын башчыларынын, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, билим берүү уюмдарынын мүдүрлөрүнүн өз ара аракеттенүүсү күчөтүлсүн жана билим берүү кызматкерлеринин арасында тиешелүү маалыматтык иштер жүргүзүлсүн деп белгиленген.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер