МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН ПАЙДАЛУУ СЕМИНАР
- 16.02.2022
- 0
Аксы районундагы Т. Үмөталиев атындагы орто мектебинде USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында башталгыч класстардын мугалимдери үчүн семинар болуп өттү.
Семинарды Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акиминин орун басары Абдылдаева Дамира Сулаймановна ачып берип, семинардын ишине ийгиликтерди каалады. Семинарда аталган мектептин мугалимдери Абдыкеримова Нурия, Ботобекова Нургүл жана Ж.Мавлянов атындагы ИКЖЛ мектебинин мугалими Абдрахманова Салтанат сабак өтүп, стратегияларды сабакта колдонуу жолдору менен башкалар менен бөлүштү.
Андан кийин улуттук тренерлер Карабалаева Салтанат, Абдыгул кызы Дарыгүл, Калыбекова Айпери, Айылчиева Элмира мастер-класстарды көрсөтүшүп, баалоо, класстан тышкаркы иштерди уюштуруу, кайтарым байланыштарды жүргүзүү боюнча баалуу кеп-кеңештерин беришти.
Мектептердин мугалимдери тарабынан уюштурулган, окуучулардын кол эмгектеринин көргөзмөлөрү, окуучулардын адабий чыгармалар боюнча сахналаштыруусу катышуучулардын купулуна толду.
Семинарды Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин башчысы, улуттук тренер Уулжан Жанузакова жыйынтыктап, катышуучуларга ийгиликтерди каалады.
Узен Атаканов, Аксы району
Комментарийлер