МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН МИҢДЕН АШЫК ОРУН БОШ
- 24.08.2024
- 0
Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү мектептердеги бош кызмат орундарына мугалимдерди кабыл алат. Учурда ал жакка 1335 мугалим керек:
- Бишкек шаары – 493,
- Чүй облусу – 292,
- Баткен облусу – 137,
- Жалал-Абад облусу – 110,
- Ысык-Көл облусу – 115,
- Ош облусу – 58,
- Талас облусу – 71,
- Ош шаары – 42,
- Нарын облусу – 17.
Суроо-талап окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерге, ошондой эле математика, информатика, физика, орус жана англис тилдери боюнча мугалимдерге жогору.
Окууну жаңы бүтүп же мугалимдик кесипти улантам десеңиз, билим берүү бөлүмдөрүнө жана мектепке кайрылыңыз.
Эльвира Какиева, «Кут Билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер