МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН ДОЛБООРДУН НЕГИЗИНДЕ ОКУТУУ УСУЛУН ТААНЫШТЫРГАН ВЕБИНАР

  • 08.06.2020
  • 0

Онлайн Университетинин Педагогика лабораториясы 8-июнда 17.00дө “Долбоордун негизинде окутуу усулу: колдонуу боюнча практикалык сунуштар” аттуу вебинар өткөрөт.

МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН ДОЛБООРДУН НЕГИЗИНДЕ ОКУТУУ УСУЛУН ТААНЫШТЫРГАН ВЕБИНАР

Вебинарда окуу процессинде окуучуларга жана студенттерге долбоор үстүндө иштеткен окутуу усулунун  (project-based learning) артыкчылыгы жана өзгөчөлүгү, аталган окутуу усулунун фронталдык сабактан айырмасы жана аны болочок инженерлерди даярдоо боюнча окуу пландарына интеграциялоо тууралуу маселелер талкууланат.

Вебинардын спикери Германиянын Дрезден техникалык университетинин педагогика факультетиндеги тамак-аш, тамактануу жана үй экономикасынын кесиптик билим берүү бөлүмүндө профессордун милдетин аткаруучу, доктор (PhD) Жамила Насировна Сманалиева болот.

“Долбоордун негизинде окутуу бул студентти мотивациялоочу, реалдуу проблемаларды чечүүгө, долбоордук тапшырманы аткарууга багытталган окутуу усулу. Бул окутуу усулу студенттерди өз алдынча иштөөгө да, командада иштөөгө да, чечим кабыл алууга да, презентация жасоого да жана отчет жазууга да үйрөтөт”, — деп белгилейт окумуштуу Ж.Сманалиева.

Белгилей кетсек, Ж.Сманалиева 2004-2007-жылдары XXI кылымдын кадрлары программасынын алкагында Германиядагы Берлин техникалык университетинин тамак-аш химиясы жана технологиясы институтунда тамак-аш реологиясы багытындагы докторлук (PhD) диссертациясын ийгиликтүү жактаган. Ошондой эле 2008-2018-жылдары Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин инженердик факультетинин тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн доценти болуп иштеген.

Буга чейин Жамила Сманалиева Кыргызстанда өндүрүлгөн балдын сапатын жана бал өндүрүшүнүн көлөмүн изилдеп, “Балды кайра иштетүү технологиясы” боюнча китебин жазган. Ошондой эле ал эл аралык   Science Citation Index (SCI) категориясына катталган абройлуу илимий журналдарга сегиз, РИНЦ маалымат базасына кирген журналдарга алты илимий макаласын жарыялаган. Мындан тышкары ал тамак-аш инженериясы  боюнча бир китептин бөлүмүнүн жана студенттерге арналган үч окуу-методикалык көрсөтмөнүн автору.

Конференциянын идентификатору: 96851418823
Паролу: 403478.

Байланыш үчүн: вотсап Элира Турдубаева +996 700 093 097 [email protected]

Фейсбук баракча: https://www.facebook.com/Online-University-115299963491739/posts/

 

Ютуб: https://www.youtube.com/channel/UCCxjXfD5x3Se5hI_GVM-t7g

Бөлүшүү

Комментарийлер