МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН ҮЧ КҮНДҮК ВЕБИНАР УЮШТУРУЛДУ

  • 07.04.2020
  • 0

Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу дистанттык окутуу формасы киргендиктен, ага даярдык иретинде мугалимдер үчүн үч күндүк вебинар уюштурулду. Бул тууралуу “ММК Колдоо Борбору” Фондунун өкүлү Кундуз Жекшен кызы билдирди.

МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН ҮЧ КҮНДҮК ВЕБИНАР УЮШТУРУЛДУ

Вебинар аталган фонддун демилгеси менен Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле Кыргыз билим берүү академиясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ар күнү эки жолудан уюштурулуп, жалпы алты бөлүктөн турду. Мында дистанттык окууга даярдык иретинде мугалимдер үчүн онлайн сабак уюштурууга керектелүүчү түрдүү программаларда иштөө боюнча практикалык сабактар өткөрүлгөн.

“Үч күндүк вебинарыбызды ютуб канал жана фейсбук баракчабыздан түз эфир формасында уюштуруп, анда дистанттык окуу жөнүндө жалпы түшүнүк берилип, көбүнчө практикалык көнүгүүлөргө басым жасадык. Бул иш-чарабыздын катышуучуларынын сунуш-пикирин эске алып, эми бир ай бою кечки саат 21:00дө ошол эле катышуучулардын талабына ылайык вебинарларды уюштуруп турмакчыбыз”, – деп кошумчалады ал.

К. Жекшен кызынын берген маалыматы боюнча өтүлгөн вебинарларды өз учурунда көрө албай калгандар төмөнкү шилтемелер аркылуу көрсө болот:

  1. Дистанттык окутуу деген эмне? Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин пландары

https://www.youtube.com/watch?v=SBccgy9lkE4

  1. Интернет гигиенасы Ватсаптын (WhatsApp) мисалында

https://www.youtube.com/watch?v=oLXjDkdHyI0

  1. Дистанттык окутууда Гугл (Google) кызматтары жана уюлдук оператордун түзгөн шарттары

https://www.youtube.com/watch?v=anB_SjF8SqE

  1. Дистанттык окутууда Гугл (Google) кызматтары жана украиналык тажрыйба

https://www.youtube.com/watch?v=SvP7SNW7byQ

  1. Дистанттык окутууда видеобайланышты уюштуруу: ютуб, стримярд

https://www.youtube.com/watch?v=KIz0iv-4avI

  1. Дистанттык окутууда окуучуларды баалоону уюштуруу

https://www.youtube.com/watch?v=KIz0iv-4avI

 

Бөлүшүү

Комментарийлер