МУГАЛИМДЕР АРАСЫНДА КИТЕП ОКУУ СЫНАГЫ ӨТӨТ

  • 17.03.2022
  • 0

 Гапыр Мадаминовдун “Устаттык өнөр” китебинин негизинде мугалимдер арасында «Азыркы замандын мугалими» аттуу сынак өткөрүлөт. Сынакка Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы мектептерде иштеген мугалимдер катышат.

Аталган сынак Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун колдоосу менен «Ыйык Ата Журт» коомдук жаштар фонду жана Гапыр Мадаминовдун «Жаш мугалимдер» мектеби тарабынан уюштурулууда.

Бул жөн гана китеп окуу сынагы эмес, атайын окутуулар менен коштолот. Сынакка катышкан мугалимдер бир айда төрт жолу окуудан өтөт. Окутууларга келбей туруп, сынакка катышууга уруксат берилбейт дейт «Ыйык Ата Журт» коомдук жаштар фондунун жетекчиси Нурсултан Жанибек уулу.

“Бул сынак аркылуу жаш мугалимдердин билимин жогорулатып, бир айда бир китеп окуусуна түрткү болуу максатын көздөйбүз. Сынактын катышуучуларына чыгаан педагогдор жума сайын заманбап жаңы ыкмадагы сабактарды өтүүдө. Ар бир окутуу 3-4 саатка созулуп, анда “Мугалимдин ата-эне, окуучу менен мамилеси кандай болушу керек? Канткенде мен мыкты мугалим болом?” ж.б. темалар камтылган. Алгачкы сабакты Гапыр Мадаминов агай атайын Баткенден келип баштап берди. Биз мугалимдерге билим бере албайбыз, алар билген эле нерсени учур талабы менен үйрөтүүнүн ыкмаларын сабактар аркылуу жеткиргенге аракет кылуудабыз”,- деди фонд жетекчиси.

Ал бир айлык окутуу менен коштолгон сынакка 200дөн ашык мугалим активдүү катышып жатканын айтат.

“Мугалимдердин ишине керектүү буюмдарды байгеге койгонго аракет кылдык. Анткени баарынын эле ноутбук, планшет алууга шарты жок. Катышуучулар 26-мартта “Kahoot” программасы аркылуу тест тапшырып, жыйынтыктар чыгарылат”, — дейт Нурсултан Жанибек уулу.

«Азыркы замандын мугалими» сынагынын жеңүүчүлөрүнө  төмөндөгүдөй сыйлыктар каралган:

1-орун — Ноутбук

2-орун — Планшет

3-орун — Телефон

Мындан тышкары ыраазычылык баракчалары жана курстарга арзандатуу сертификаттары берилет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер