МУГАЛИМДЕР АРАСЫНДА БАЯНДАМА ЖАЗУУ СЫНАГЫ ЖАРЫЯЛАНДЫ

  • 03.12.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Орозали Сайдилкановдун 70 жылдык мааракесине карата мугалимдер арасында «Заманбап мектеп моделдери жана улуттук, гумандуу, демократиялык баалуулуктар» аттуу баяндама (эссе) жазуу сынагы жарыяланды.

Сынакка өлкөнүн бардык аймагындагы мектеп жетекчилери жана мугалимдери катыша алат.

Сынактын шартына ылайык, баяндама кыргыз жана орус тилдеринде жазылып, Times New Roman арибинде 12-өлчөмдө жана 4 беттен кем жазылбашы керек. Буга кошумча автор өзүнүн аты-жөнүн, иштеген мектебин жана жашаган аймагы тууралуу маалыматты кошо жөнөтүүгө тийиш.

Баяндаманын мазмуну темага дал келип, автордун тажрыйбасындагы идеялар, көз караштар камтылып, сунуштар берилүүсү керек. Өзгөчөлөнгөн идея, көз карашка артыкчылык берилет.

Мыкты деп табылган илимий эмгектин авторлору 5-январда Орозали Сайдилкановдун 70 жылдык мааракесине арналып уюштурулуп жаткан конференцияга  жолдомо жана атайын сыйлыктарга ээ болот. мындан сырткары аймактардан эң мыкты жазган авторлордун жол киреси төлөнөт, эссеси жыйнакчага кошулат. Китеп белекке берилет.

Баяндамалар ушул жылдын 15-декабрына чейин [email protected] электрондук дареги аркылуу кабыл алынат.

Кененирээк маалымат үчүн 0 (558) 50-40-45 (ватсап да бар).

МУГАЛИМДЕР АРАСЫНДА БАЯНДАМА ЖАЗУУ СЫНАГЫ ЖАРЫЯЛАНДЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер