Мугалимдер 120 миң сомго чейин эмгек акы ала алат

  • 26.03.2024
  • 0

Мектепте жакшы окуткан мугалимдердин эмгек акысы 120 миң сомго чейин жетиши мүмкүн. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн жыйында билдирди.

Кыргызстан этап-этабы менен 12 жылдык билим берүүгө өтөт. Министрлер кабинети «Жалпы орто билим берүүнүн түзүмүн модернизациялоо жөнүндө» тескемени жактырса, президент министрликке жана өкмөткө бир катар тапшырмаларды берген. Мында бала бакчадан тартып жогорку окуу жайга чейин олуттуу өзгөрүүлөр болот. Өзгөчө басым орто билим берүү тутумуна жасалып, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга олуттуу көңүл бөлүнөт. Ал үчүн сентябрда жалпы мугалимдердин билим деңгээлин аныктоо үчүн республикалык тестирлөө өтөт.

«Бул тестирлөө менен ЖОЖдордун кандай окутуп жаткан рейтинги чыгат. Кесиптик чеберчиликти өнүктүрүү курстарынын кемчиликтери, мугалимдин муктаждыктары аныкталат. Мугалимдин ишмердүүлүгүнүн натыйжасы менен эмгек акы төлөөнү караштырып жатабыз. Азыр жөн эле кирип-чыккан мугалимдерге бирдей төлөө системасы иштөөдө. Буюрса, мугалимге жылуу мектеп, сапаттуу китеп, ийгиликтүү окутуунун ыкмаларын уюштуруп берип, изденүүсүнө шарт түзөбүз. Мугалим сабак берген класстын окуучуларынын предмет боюнча көрсөткүчтөрү жогорулаган сайын эмгек акыга кошумчалар кошула берет. Мындайча айтканда, мугалим базалык эмгек акыдан сырткары 120 миң сомго чейин айлык алышы мүмкүн. Бул жерде баланын жетишкендиги жана мугалимдин чыгармачыл аракети аныкталат. Ошондо ички дем берүү эффектиси иштеп, билим берүүнүн сапаты көтөрүлөт», — деди Догдуркүл Кендирбаева.

Баалоо завуч, директордун катышы жок, атайын программанын жардамы менен аныкталат. Мугалим программа аркылуу өзүнүн ийгилигин өзү көрүп турат. Ал эми мектепке чейинки даярдоо программасын ишке ашырып жаткан мугалимдер 12 жылдык окуу мөөнөтүнүн кириши менен атайын квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүшөт.

Эльвира Какиева

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер