МУГАЛИМ — ЖАН ДҮЙНӨНҮН АЧКЫЧЫ

  • 07.10.2024

Нарын районундагы Кызыл—Жылдыз айылындагы Маамыткан Иманалиев атындагы орто мектебинде эмгектенип,  ардактуу эс алууга чыгып кеткен ардагер мугалимдерди  билим берүүнүн түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулган «Мугалим — жан дүйнөнүн ачкычы» аттуу иш—чара өткөрүлдү.

МУГАЛИМ - ЖАН ДҮЙНӨНҮН АЧКЫЧЫ

Маамыткан Иманалиев атындагы орто мектебинин директору Мирзат Мамбетованын берген маалыматына таянсак, иш-чарага айылдан чыккан республикабыздын ар тарабында эмгектенип жаткан лидер бүтүрүүчүлөр агай-эжейлерин куттуктап, баалуу белектерин тапшырып, мектепке акчалай жардам көрсөтүштү.

МУГАЛИМ - ЖАН ДҮЙНӨНҮН АЧКЫЧЫ

— Лидер бүтүрүүчүлөр «Өз мектебиңди колдо» деген акциянын негизинде жардам көрсөтүштү. Жолугушууда 9-10-11-класстын окуучулары менен лидер бүтүрүүчүлөр арасында тегерек үстөл үстүндө жылуу маектешүү уюштурулду. Ардагер агай-эжейлерге (жалпы он сегиз) Жыргалаң санаториясына беш күндүк эс алууга путевка ыйгарылды. Дагы бир чоң саамалык болду. Ата-энелер комитеттеринин төрайымдары, төрагалары азыркы учурда иштеп жаткан мугалимдерди куттукташты. Лоторея ойнотуп, андан сырткары белектерди тапшырышты, — дейт директор.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү