«МУГАЛИМ УККАНГА САНАТ, АТА-ЭНЕ УЧКАНГА КАНАТ»

  • 01.12.2019
  • 0

 «Бала окутканды окутуучу дейбиз, бирок алардын баары эле  устат деген наамга татыктуу эмес» ( Гете)

«МУГАЛИМ УККАНГА САНАТ, АТА-ЭНЕ УЧКАНГА КАНАТ»

Кадамжай районундагы «Кулду»  орто мектебинде устат мугалим Гапыр Мадаминовдун жети дубанда кеңири  кулач жайып жаткан «Энелер мектеби” программасы боюнча семинар өткөрүлдү.           

“Энелер мектеби” долбоорунун автору, Лейлек районундагы  №3  эксперименталдык гимназиянын  директору,  Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Мадаминов Гапырды кыргыз коомчулугу жакшы тааныйт. “Замандаш” журналы 2013-жылы аны “Жылдын мыкты мугалими” деп атаган.

 Семинардын жүрүшүндө Гапыр Мадаминов “Энелер мектебинин” мааниси, максаты, зарылдыгына кеңири токтолду. Балдардын үй-бүлөдөгү тарбиясында  ата-энелердин ролун баса белгилеп,  балдардагы  бардык жакшы сапаттардын көбү эң оболу энеден өтөрүн айтып,  мисал тартты. Балдардын сезүү, кабылдоо, эстеп калуу, таанып-билүү жөндөмүн өстүрүүнүн,  билим алууга зарыл сапаттарын калыптандыруунун  эң жөнөкөй жолдору,  усулдары, ыкмалары жөнүндө маалымат берди.

«Куш окуучу болсо, анын бир канаты мугалим, бир канаты ата-эне» деп атады. Мугалим менен ата-эне бирдей аракет жасаганда гана кесипкөй инсан чыгаарын айтты.

«МУГАЛИМ УККАНГА САНАТ, АТА-ЭНЕ УЧКАНГА КАНАТ»

«Мугалим укканга санат, ата-эне учканга канат»  деген аталышта өткөн семинарга алдыңкы мугалим Якубова Курсанай,  Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн усулканасынын жетекчиси Абдилазиз Сарымсаков, «Билим ордо» борборунун  директору, «Энелер мектебинин» райондук координатору Айзада Кожонова, «Келечек ээлери» фондунун  жетекчиси Нуржамал Тургунова, Малабаев Зайнидин, «Акылман» балдар бакчасынын тарбиячысы  Азада Арзыбаева  жана №3 эксперименталдык гимназиянын  мыкты окуучулары  Бекбаев Азамат, Руслан кызы Бактыгүл катышты. Ошондой эле  Орозбеков айыл аймагындагы мектептердин директорлору да келди.

Устат мугалим берген кеп-кенештер  семинарга катышкан мугалимдер, жетекчилер, усулчулар,  эң оболу энелер чоң ыраазылык билдиришти.

«МУГАЛИМ УККАНГА САНАТ, АТА-ЭНЕ УЧКАНГА КАНАТ»

Мадаминов Гапыр мугалимдер менен баарлашып, өзүнүн иш -тажрыйбаларынан  бөлүшүп, сабактын эффективдүүлүгүн жогорулатуу, сабакка даярдануу жана кызыктуу өтүү, окуучуларды шыктандыруу, олимпиадаларга, ЖРТ ге даярдоо боюнча дагы усулдук кенештерди берди.  Мугалимдер өзүбүздүн жүрөк өйүгөн ойлорубузду  айтып, агайдан кеп-кенештерди, усулдук жардамдарды алдык.

Чындыгында эле баарыбыз бала деп жашап келебиз. Бул турмуштун мыйзамы. Балдар биздин келечегибиз, көчүбүздү улантуучу, эртенки күнүбүздү жаратуучулар. Бүгүнкү күндө балдарыбызга берип жаткан билим-тарбия  менен бирге келечегибиздин пайдубалын тургузуп жаткандыгыбыз ар бирибиздин жадыбызда болушу абзел.

Агайдын кеп-кенештеринен кийин ар бир эле ата-энеде, мугалимде “Мен баламды кандай тарбиялап жатам, кайсы жеринде ката кетирдим, билим-тарбия берүүдө өзүмдүн тажрыйбам жетишеби, өзүмдү кантип өзгөртүшүм керек” деген сыяктуу суроолор жаралбай койбойт.

Балдар – жердин жандуу гүлдөрү, анын багбаны мугалим менен ата-эне. Бала агын суу, кайсы багытка  бурсаң ошол жакка бурулат. Бала актай барак, не деп жазсаң, жазуу ошол бойдон уланат.  Ошол багбан да, сугатчы да, жазуучу да бизбиз. Демек балдарды тарбиялоо улуу, ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү иш.

Кыргыз эли эзелтен эле акылман, көрөгөч эл болгондугун, балдарды тарбиялоодо элдик педагогиканы пайдаланып келгендиги ар бирибизге эле маалым. “Аганы көрүп, ини өсөт, эжени көрүп, сиңди өсөт”. “Ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат”. “Энесин көрүп кызын ал”, “Алма сабагынан алыс түшпөйт” деген турмуштан алынган макалдардын маани-маңызында канчалаган таасирдүү тарбия жаткандыгы талашсыз.

Ата-энелер, мугалимдер  бүгүнкү күндө өзүбүздүн эле балдардын эмес, бүтүндөй коомдун, улуттун келечегин куруп жаткандыгыбызды унутпайлы.  Мадаминов  Гапыр агайыбыздын күйүп-бышып айткан сөздөрүн туура кабылдап, жадыбызга тутуп, демилгесин колдоп, ийгиликтерге чогуу жетели.

                           Малабаева Насипа, “Кулду» орто мектебинин мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер