МУГАЛИМ МЕНЕН АТА-ЭНЕ
- 20.02.2023
- 0
Бишкек шаарындагы “Креатив-Таалим” ББКда өзгөчө форматтагы ата-энелер чогулушу болуп өттү.
Мектептин генералдык директору Гүлнара Дайырбекованын демилгеси менен чогулуш уюштурулуп, ар бир ата-эне предметник мугалимдер менен жекече баарлашып, балдары тууралуу көптөгөн маалыматтарды алышты.
— Предметник мугалим да окуучуну ар тараптан билип, окуучунун психологиясын жакшы өздөштүрүп, ата-энеден алган маалыматтар боюнча сабак учурунда жеткиликтүү жекече мамилени ишке ашыра алат. Мындай форматтагы чогулуштар, мугалим — ата эне кызматташтыгын бекемдеп, окуучунун билим сапатын жогорулатууда зор таасирин тийгизээрине шек жок. Мектеп жетекчилигине чоң ыраазычылык билдиребиз! – дешти ата-энелер.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер