МУГАЛИМ-ӨЛКӨНҮН ТИРЕГИ

  • 05.10.2023
  • 0

 

МУГАЛИМ-ӨЛКӨНҮН ТИРЕГИ

Кымбаттуу мугалимдер! Урматтуу окутуучулар жана билим берүү кызматкерлери!

Сиздерди  кесиптик майрамыңыздар менен  “Кут Билим” медиа борбору жана “Кут Билим” газетасынын эмгек жамааты чын дилден куттуктайт!

Мугалимдик кесип адамзаттын өнүгүүсүнө, коомдун таза болушуна зор өбөлгө түзгөн кесиптердин төрөсү. Ошондуктан билим берүү тармагы дүйнө жүзүндөгү  эң негизги көрсөткүчтөрдүн жана  артыкчылыктуу багыттардын бири. Анын сап башында мугалим турары айныгыс чындык. Заманбап билимге да, жашоого, кесипке жөндөмдүүлүктү да мугалим үйрөтөт. Биздин мугалимдер  жаш муундарды элибиздин каада-салттарына, руханий дөөлөттөрүнө сугарып, инсандык сапаттарын калыптандырып тарбиялашат. Мугалим балага экинчи ата-эне. Мугалим адам баласынын сабатын биринчилерден болуп жоюп, адам кылып тарбиялайт. Мугалимсиз дүйнө караңгы деп бекеринен айтылбаса керек. Мугалим-келечектин шам чырагы.  Мугалимди эч бир заманбап технология алмаштыра албайт. Мына ошондуктан ар бирибиз педагог- бул өлкөнүн тиреги, туткасы экенин, аларсыз туруктуу коомду жана демократиялык мамлекетти курууга мүмкүн эместигине ынанып, бул кесиптин ээлерин ар дайым сый урматка бөлөп, кадыр баркын көтөрүп турууга милдеткербиз. Биздин эртеңки келечегибиз мугалимдер окутуп жаткан балдардан көз каранды экендигин дагы бир жолу кайталап айткыбыз келет.

Сиздердин түйшүктүү эмгегиңиздерди ийгилик жылоолоп турсун! Сиздерге чың ден соолук, узак өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо, жигердүүлүктү, бийик кесипкөйлүктү каалайбыз.

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер