МУГАЛИМ — КООМДУН КҮЗГҮСҮ

  • 15.11.2018
  • 0

2018-жылдын 7-ноябрында Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Исфана шаарында Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына, «Мугалим» журналынын 5 жылдыгына жана Баткен облусунун билим берүү усулдук борборунун 10 жылдыгына карата уюштурулган «Мугалим коомдун күзгүсү -2019″ кароо-сынагынын облустук туру мыкты деңгээлде болуп уюштурулду.

МУГАЛИМ - КООМДУН КҮЗГҮСҮ

Сынакта Баткен облусу боюнча он  мугалим ат салышып, калыстар тобу тарабынан мыктынын мыктылары өтө жоопкерчилик, калыстык менен тандалып алынды. Жеңүүчүлөр 2019-жылдын март айында «Мугалим» журналынын 5 жылдыгына карата Бишкек шаарында өткөрүлө турган конкурстун республикалык туруна жолдомо алышты. Баткен облусу боюнча журналдын координатору Жеңишбек Абдиназаров жана анын командасы тарабынан уюштуруу иштери мыкты болгонун дагы бир жолу белгилеп кетүү керек. Сынактын жеңүүчүлөрү төмөнкү номинацияларда сыйланышты:
Баш байге «Мыкты педагог» номинациясы  эки мугалимге ыйгарылып, республикага жолдомо алышты. Алар: Лейлек районунун Н.Батыров атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Сейдали уулу Улукбек жана Баткен шаарындагы Кызыл-Жол орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Жалилова Гүлзат.
1-орунга,  «Новатор мугалим» номинациясына Казыев Гожояр атындагы орто мектебинин математика информатика мугалими Абдиева Гүлзат татыса, 2-орунду  «Компетенттүү мугалим» номинациясына Лейлек районунун М.Баетов орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Абдыкалыкова Ташмама камсыздады.  3-орунга,  «Кесипкөй мугалим» номинациясына Лейлек районунун Исфана орто мектебинин тарых жана кругозор мугалими Далиев Эльдор менен  «Таланттуу мугалим» жана «Интернет жылдызы» номинацияларында Баткен районунун З.Абдукаримов атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Келдибекова Бүбүнса ээ болушту.

МУГАЛИМ - КООМДУН КҮЗГҮСҮ

МУГАЛИМ - КООМДУН КҮЗГҮСҮ

МУГАЛИМ - КООМДУН КҮЗГҮСҮ

МУГАЛИМ - КООМДУН КҮЗГҮСҮ

МУГАЛИМ - КООМДУН КҮЗГҮСҮ

Ысык-Көлгө өтүүчү II республикалык «Окуучу күткөн мугалим — 2019» жайкы мектебине жолдомого Кылычов Замирбек ээ болсо,  Исманова Жумагүл, Жумабаева Манзура,
Айдарова Мээримге  кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды.
Сынактын жыйынтыгы менен эстафета Талас облусуна өткөрүлүп, өтмө кубок тапшырылды.

Сынакты уюштурууга Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, облустук билим берүү усулдук борбору, профсоюздук комитети, Лейлек райондук администрациясы, билим берүү бөлүмү жана профсоюз уюму колдоо көрсөттү. Ошондой эле жеке ишкерлер да четте карап турган жок. Медиа өнөктөштөр ЭлТР, «Кут Билим» гезити, облустук жана райондук ММКлар, «Салам» радиосу маалыматтык колдоо көрсөтүштү.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер