«МУГАЛИМ — КООМДУН КҮЗГҮСҮ — 2018

  • 26.03.2018
  • 0

Республикалык «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы Ж.Баласагын атындагы КУУ, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору менен бирдикте «Аймактарды өнүктүрүү» жылына жана журналдын 4 жылдыгына арналган «Мугалим — коомдун күзгүсү — 2018» кароо-сынактын жыйынтыктоо аземин Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунда 27-мартта саат 14.00 өткөрөт.

«Мугалим — коомдун күзгүсү — 2018»» республикалык кароо-сынак мугалимдер арасында өткөрүлөт. Сынакка интеллектуалдык потенциалы бийик, сымбаттуу, келбеттүү, жылдыздуу, таланттуу, ар тараптан өздөрүнүн чыгармачылыгы менен айырмаланган, ажарлуу, төгөрөгү төп келген мугалим айымдар жана мырзалар катышат. Ар бир катышуучунун интеллектуалдык деңгээлине, өнөрүнө, чыгармачылыгына, өң келбетине, мугалимдик имиджди сактай билүүсүнө жараша баа берилет.

Сынактын максаты — чыгармачыл мугалимдерди табуу жана аларды жалпыга таанытуу менен аларды жаштарга үлгү катары көрсөтүү; өнөрлүү, таланттуу мугалимдерге колдоо көрсөтүү; жаӊы кесиптештерди табууга жана тажрыйба алмашууга көмөк көрсөтүү; республикадагы чыгармачыл мугалимдерди топтоо жана аларды «Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын «Таланттар» рубрикасына чагылдыруу; мугалимдик кесиптин ар тараптуулугун жана кызыктуулугун арттыруу жана мугалимдик кесипти даӊазалоо, мугалимдердин аброюн, кадыр-баркын көтөрүү, улуу кесипке жаштарды тартуу жана кызыктыруу.

Конкурстун багыттары:

1. Конкурсанттардын мугалимдин имиджин көрсөтүү үчүн сахнага чыгуусу (мугалимдин чач жасалгасы, нормага ылайык келген кийим, бут кийимдин кийилиши, заманбап мугалимдин образын ачуу);

2. Конкурсанттардын өзүн-өзү тааныштыруусу (визиттик карточка). Саламдашуу эркин формада: оозеки, слайд, видео-тасма түрүндө берилсе болот.

3. Интеллектуалдык суроолор, макал-лакаптардын чечмелениши (улуттук кийим кийип чыгуу).

4. Өнөр таймаш (ыр, бий, сахналаштырылган сценка ж.б. (катышуучунун өз эрки менен).

5. Портфолио.

Конкурстун баш байгесинин ээсине «Улут жүзү — мугалим» номинациясы ыйгарылат жана «Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын «Имидж» рубрикасына чагылдырылат. Ошондой эле баалуу белек менен сыйланат.

Номинациялар:

1-орун – Даанышман мугалим

2-орун – Чыгармачыл мугалим

3-орун – Ажарлуу жана келишимдүү мугалим

Кийинки катышуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар.

Маалымат үчүн: Республикалык «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы мындан төрт жыл мурда жарыкка чыккан. Анын ачылышынын негизги максаты – жер-жерлердеги мугалимдерге методикалык жактан көмөк көрсөтүү, ошондой эле мектептерге алдыңкы иш тажрыйбаларды, билим берүүдөгү жаңычыл идеяларды жайылтууну көздөйт. Жалпы агартуу журтун педагогикалык, илимий жана практикалык жаңылыктар менен тааныштырып туруу максаты коюлган. Мындан сырткары элибизге билим берүү чөйрөсүндө эмгеги сиңген улуу инсандарыбыздын калтырган эмгектерин, өмүр жолун, ошондой эле педагогдор династиясы тууралуу кеңири маалыматтар берилип турат. Эгемендик жылдан бери Кыргызстанда бир дагы методикалык журнал негизделген эмес. Ошол себептен, педагогикалык коомчулук журналга муктаж болуп турган учурда «Мугалим» журналы жарык көргөн. Журнал түстүү, кварталына бир жолу 80 бет менен чыгат. Жалпы нускасы – 1000.

Байланыш телефондору 0773732272, 0709356353

Бөлүшүү

Комментарийлер