МУГАЛИМ — КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ КӨРСӨТКӨН МАЯК

  • 08.05.2020
  • 0

Апам Айымкандын мындан 15 жыл илгери айткан акыл сөзү жакында дүйнө  жүзүн каптап келген аты өчкүр оорунун кесепетинен өлкөбүздө карантин жарыяланып, мектептерде окуу болбой калганда эсиме түштү.

МУГАЛИМ - КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ КӨРСӨТКӨН МАЯК

Кан күйгөн согуш маалында.
Мектепте   балдар окушкан.
Согушка  кетип эр бүлө,
Жалаң гана эжекелер окуткан.

…Ооба, ал мезгил өтө кыйын  учур  эле, 1943-жылы согуштун күчөп турган убагында Токтогул районундагы Көдүл айылындагы 1-Май мектебинде башталгыч класстын мугалими болуп иштеп жүрдүм.
Эртең менен сабак берип, түштөн кийин балдарды пахта теримге алып барчубуз.(Ошол кезде  Токтогулда пахта өстүрүлчү). Бир жарым жашар кызымды көтөрүп алчумун. Кыздар улам бири көтөрүп, кошо карашчу. Ошондогу элдин ынтымагын, окуучулардын зиректигин айт!
Пахтадан каш карайганда келишип, бүлбүлдөгөн шам чырактын алдында сабак даярдашчу.
Көбүнүн аталары, агалары согушта болгондуктан, апалары да колхоздун ишинде иштешип, балдарынын эжекесинин жанында жүргөнүнө ыраазы болушчу.
Анткени мугалимге кудайындай ишенишчү. Алдынан чыксаң, улуу болсо да, «Саламатсызбы!» деп учурашчу. Мугалим дагы  аталарын сагынып, кусаланып  жүргөн окуучуларын аяп, өз балдарындай сүйчү. Мындай сый мамиле, уюшкан  эмгегибиз Жеңиштин келишине өбөлгө түзгөн.
Балдарым, кандай жашоодо жашасаңар да, жаныңдагы адам ким болсо да, сый мамиледе болгула!
Ата-эне менен мугалимдин ортосундагы  жакшы мамиле окуучу баланын келечекте мыкты адам болушуна өбөлгө болот.
Сен ошондуктан окуучуңдун жакшы окуган окубаганын, тартиптүү же тартипсиз экендигин эмес, эң биринчи анын бала экендигин унутпашың керек. Анткени  жаралгандан баланын жан дүйнөсүндө тазалыктын  учкуну жашайт. Ал учкунду тутантуу же өчүрүү ата-эне менен мугалимдин колунда!

МУГАЛИМ - КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ КӨРСӨТКӨН МАЯК
Кызым, сен мугалимсиң! Сенин жүрөгүңдүн бир бурчунда окуучуларыңдын ар бирине арналган мээрим орун алган болсун! Сабагыңда талапты катуу коё бил, бирок кечиримдүү бол, ар кандай сөздөрдү угушка туура келет, сөз көтөрүмдүү бол, ата-энелер кээде туура эмес  мамиле жасаса да, аларды балдарынын көзүнчө эч качан жамандаба!
Согуш убагындагы турмушумду жөн жеринен айткан жокмун. «Жаман айтпай, жакшы жок» дегендей, кокустан эл ичинде оор кырдаал пайда болсо, мугалим фронттун биринчи катарында болушу керек.
Мугалим  — бул  келечекке жол көрсөткөн маяк. Маяктын жарыгына карап, келечектин ээлери алдыга карай кадам таштайт. Алардын туура жолго түшүүсү —  сенин көрсөткөн багытыңа көз каранды.

Сен ушул кесипти тандаганыңдан бери акырындап айтып келе жаткан акыл насаатымды бүгүн жыйынтыктадым окшойт. Билсең, бул мугалим энеңдин сага берген тапшырмасы, керээзи, кызым!

Кудай өмүрүңдү берсе, тапшырмамды келечекте сөзүң менен да, ишиң менен да аткарарсың. Эң негизгиси,  ата-эне менен мугалимдин максатка жетүүгө болгон аракети бирге болсо, анда тарбиянын натыйжасы мыкты болот, — деген апам.

МУГАЛИМ - КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ КӨРСӨТКӨН МАЯК

Азыр бизге да жеңил эмес…
Башында анча көнүл бурган эмеспиз. Ооздукталбаган бул оору чагылгандай тездик менен бардык өлкөлөрдө өз бийлигин орнотууга умтулуп, кыргыз жерине да саякаттай баштады.
Билинбегени менен кадимки эле согуш!
Аны жеңүү  үчүн ар бир инсан күрөшүш керек. Ооруну  алдын алуу жана сактануу максатындагы иштердин эң маанилүүсү —  карантин.
Бирок карантин бул каникул эмес. Балдар айылдарга, көчөгө, ар кандай маданий, спорттук иш чараларга барбай, үйдө гана отуруулары керек.
Ошондуктан Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аралыктан окутуу программасы иштелип чыгып, телесабактар даярдалып, бардык окуучулардын билим алуусун үзгүлтүккө учуратпоо аракети көрүлдү.
Ар бир үй-бүлөдө телевизор, телефон зарыл болгондуктан, билим берүү бөлүмдөрүнүн, мектептердин, мугалимдердин жардамы менен бул маселе да чечилди.
Ооба, ар бир иштин башталышы кыйын. Башында бир топ кыйынчылыктар болду. Ата-энелердин мугалимдерге жасаган туура эмес мамилелерине  күбө болдук: «Биз иште жүрсөк, балдарыбызга кайсы телефонду берели!», «Балдарымды бага албай жатканда телефонду каяктан табайын?» же «Мугалимдер үйүндө отуруп эле айлык ала береби?» дегендер менен да тил табышууга туура келди.
«Мээнетти катуу кылсаң,татканың таттуу болот» дегендей, дистанттык окуу башталганда, мектебин сагынган окуучулардын «Саламатсызбы, эжеке!  Телесабакты көрдүм, тапшырманы аткарып койдум, дагы тапшырма бересизби?»  «Түшүндүрүп коюңузчу» деген суроо-талаптары  жамгырдай жааганда, мугалимдер чарчаганга да шарт жок, улам бирине жооп жазып жөнөтүп, уйкудан калганына карабай, өз кесибинин ырахатын сезүү бактысына ээ болду.
Эми ата-энелердин арасынан: «Балдарыбыз менен урушуп жатабыз», «Тапшырманы аз эле беришпейби, жаздыра албай кан басымым көтөрүлүп кетти!» дегендер да пайда болду.
Ошол эле учурда көпчүлүк ата-энелер мугалимдер менен тыгыз байланышып, балдарынын келечеги үчүн кам көрүп, аларга  ыраазычылыктарын билдирип   жатышат.
Мындай көрүнүштөр күн өткөн сайын көбөйүп жаткандыгы  албетте, кубанычтуу көрүнүш.

МУГАЛИМ - КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ КӨРСӨТКӨН МАЯК
Урматтуу ата-энелер, кесиптештер, бардыгыбыздын эле тилегибиз бир. Ал тилек — баланын келечегине жакшы жол салып берүү. Бул тилекке жетүү үчүн эки тарап бири-бирибизди сыйлай билишибиз зарыл.
«Болгуң келсе сый, эң биринчи кызыл тилди тый» деп элибиз эзелтен өзгөчө сөзгө маани берип келишкен.
Биз дагы жылуу сөз, мээримдүү көз менен сүйлөшүп, ынтымактуу мамиледе болуп, оор илдетти жеңип, балдарыбыздын бактылуу келечегин түптөйлү!

Тезекбаева Раиса, ардагер мугалим, Кара-Көл шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер