МУГАЛИМ ЭМГЕГИНЕ БАА — КЕЛЕЧЕККЕ ИНВЕСТИЦИЯ
- 30.04.2026
- 0
Редакциядан: Учурда, Кыргызстан боюнча мугалимдер жамааты көтөрүлгөн айлык маянасын алып турган кубанычтуу күндөрдүн бири. Ар бир предметке жараша кошулган үстөктөр ар башка болгону менен, жалпы жонунан мугалим эмгегине болгон баа жогорулап жатканы билим берүү кызматкерлери үчүн сүйүнүчтүү көрүнүш. Сүйүнүчтөрү койнуна батпаган ыйык кесиптин ээлери өлкө башчы Садыр ЖАПАРОВ жана агартуу министри Догдуркүл КЕНДИРБАЕВАны алкап, баталарын берип, ыраазычылыктарын билдиришүүдө.
Мугалим болгонума сыймыктанам!
Елиза ТУРУСБАЕВА, мугалим, Жалал-Абад облусу:

— Эми бул ишенимге татыктуу болуп, ар бир педагог мамлекеттин тапшырмасын кантип сапаттуу аткарам, канткенде билим берүү стандартындагы күтүлүүчү натыйжаларга ылайык, билимдүү да тарбиялуу окуучуларды өстүрөм деген чоң жоопкерчилик менен издене турган учур келди. Мугалимдин күчү — анын билиминде, сабырында, изденүүсүндө жана жүрөгүндө. Коомдун келечеги дал ушул мугалимдин колунда экенин ар дайым унутпайлы! Ар бир мугалим өз милдетине жоопкерчилик менен мамиле кылып, келечек муун үчүн ак ниет эмгек кылуусу зарыл. «Мугалимдик кесип — пайгамбардын жолуна теңелген ыйык кесип! Ошондуктан кандай гана жакшы иш болбосун, жалгыз өзүң калсаң да токтобой, уланта бер. Себеби чыныгы эмгек бир күнү сөзсүз өз жемишин берет». Мен мугалим болгонума сыймыктанам!
Президенттин мугалимдерге көңүл бурганы — бул биздин эмгегибизге берилген жогорку баа
Гүлүмкан ТУРГАНБАЕВА, Ой-Терскен жалпы билим берүү мектебинин башталгыч класстарынын мугалими, Ат-Башы району:

— Күн сайын кичинекей жүрөктөргө шык, ишеним жана билим себем. Ар бир тамга үйрөткөндө, ар бир китеп бетин барактаган сайын мен келечекке салым кошуп жатканымды дил тереңимде сезем. Бирок, мугалимдин жолу дайыма эле жеңил эмес. Бул — сабырдуулукту, бүтпөгөн изденүүнү жана жан дүйнөңдү арнаган эмгекти талап кылган кесип. Ошондуктан, соңку жылдагы мугалимдердин эмгек акысын жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан аракеттер мен үчүн жөн гана өзгөрүү эмес — бул чоң үмүт, чоң баалоо. Президентибиз Садыр Нуркожоевичке өзгөчө ыраазычылыгымды билдиргим келет. Сиздин мугалимдерге болгон мындай көңүл бурууңуз — бул биздин эмгегибизге берилген жогорку баа. Бул кадам бизге күч-кубат берип, алдыга умтулууга жаңы дем ачты десек болот. Айлык маянанын жогорулашы — бул жөн гана материалдык колдоо эмес. Бул — “сенин эмгегиң маанилүү” деген ишеним жана сыйлык. Мугалимдин коомдогу ордун бекемдеп, анын дагы да белсенип иштешине түзүлгөн мүмкүнчүлүк жана балдардын келечегине дагы да чоң жоопкерчилик менен кароого шыктандырган эң сонун мотивация. Мен ишенем, мындай колдоолор менен биз дагы да күчтүү, билимдүү муунду тарбиялай алабыз. Анткени, ар бир балага берилген сапаттуу билим — бул өлкөнүн эртеңки ийгилиги эмеспи.
Кесибин чын дилден сүйгөн кымбаттуу кесиптештеримди куттуктайм!
Анара МАНАПОВА, мугалим:

— Бүгүнкү күн баарыбыз үчүн өзгөчө кубанычтуу күн! Көтөрүлгөн айлык менен алгачкы маянабызды алып жатканыбыз — бул биздин эмгегибиздин бааланганынын айкын далили. Бул жакшы өзгөрүү ар бир мугалимге дем-күч, ишке болгон шыктануу жана жаңы үмүт тартууласын! Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өлкөбүздүн Президенти Садыр Жапаровго жана агартуу министрибиз Догдургүл Кендирбаевага билим берүү тармагына көңүл буруп, мугалимдердин эмгегин баалап жатканы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Көрүлгөн камкордук мындан ары да билим сапатынын жогорулашына чоң түрткү болсун! Ар бир сабакка жүрөгүбүздү арнап, келечек муунду тарбиялап жаткан ыйык кесибибиз ар дайым баркталып, эмгегибиз жемишин берсин. Айлыгыбыз берекелүү болуп, үй-бүлөбүзгө кут, жүрөгүбүзгө кубаныч алып келсин! Баарыңыздарга чың ден соолук, сабыр, ийгилик жана түгөнбөс энергия каалайм! Кут болсун, кесиптештер!
Ардагер мугалим апамдын кубанычында чек жок
Назгүл МАМАТБАЕВА, Бишкек шаары:
— Эл агартуунун отличниги, дээрлик 40 жылдан ашык тажрыйбасы бар Майрамкан Кукеева тээ алыскы Ат-Башы районунун Өзгөрүш айылында математика мугалими, бала бакчанын жетекчиси болуп иштеп келди. Бүгүнкү күнү ардактуу эс алууда. Бүгүн 100% көбөйтүлгөн маяна алып жаткан кесиптештерин телефон аркылуу кубануу менен куттуктап бүтпөй жатат. Президентибиз Садыр Жапаровдун билим берүү тармагына жагымдуу шарттарды түзүп, республика боюнча жүздөгөн жаңы мектептерди салып, эми болсо мугалимдердин айлык акысын эселеп жогорулатканы билим берүү кызматкерлеринин зоболосун көккө чыгарып койду. Албетте, бул демилге мугалимдин кадыр-баркын жогорулатып, коомдогу статусун бийиктетери бышык. Мугалимге болгон сый-урматты дагы да бекемдейт. Кесипке болгон кызыгууну арттырат. Мугалим — улуттун келечегин тарбияласа, дарыгер элдин саламаттыгын жана өмүрүн сактайт. Кыскасы, кечээки күн республика боюнча чоң майрамга айланды. Мугалимдер, дарыгерлер жана маданият кызматкерлеринин маанайларды көтөрүлүп, өзгөчө кубанычтар ар бир үйдө, мекемеде орун алууда. Көбөйгөн айлыгыңыздар берекелүү болсун!
Бүгүнкү күндө мугалим болуу – сыймык!
Акылай АСАНАЛИЕВА, Ысык-Көл облусу:

Чоң айлыктан ооз тийүү
— Акыркы жылдары өлкөбүздүн билим берүү тармагында болуп жаткан алгылыктуу өзгөрүүлөр, чоң реформалар ар бирибизди кубандырбай койбойт. «Элдин эртеңи – билимдүү жаштарда, ал эми жаштардын тагдыры – мугалимдин колунда» демекчи, бүгүн агартуучуларга болгон мамиле жаңы баскычка көтөрүлдү. Бул багытта жасалып жаткан иштердин эң башкысы – мугалимдердин эмгек акысынын сезилерлик жогорулашы болду. Бул жөн гана каражат эмес, бул – мамлекеттин мугалимге болгон сыйы, камкордугу жана кесибибизге болгон чоң мотивация! Мындай колдоо ар бир педагогго жаңы дем-күч берип, чыгармачылык менен иштөөгө, изденүүгө шыктандыруу жаратты. Ушул чоң реформалардын башында турган жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жан үрөп жаткан Агартуу министрлигине терең ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууда, методикалык жактан колдоо көрсөтүүдө жана заманбап билим берүү стандарттарын жайылтууда талыкпай эмгектенип жаткан: Ысык-Көл областтык билим берүү институтуна; Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнө өзгөчө рахмат айтабыз. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр жана ар бир мектепке, ар бир мугалимге жеткен камкордугуңуздар биздин ийгиликтерибиздин тиреги. Бүгүнкү күндө мугалим болуу – сыймык! Бизге түзүлгөн мындай шарттар жана берилген мотивация менен биз келечек муунга сапаттуу билим, татыктуу тарбия берүүгө даярбыз.
Билимдүү муун – кубаттуу мамлекет!
Даярдаган Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер